Вэнь-у Хэ

Википедия дан

Вэнь-у Хэ – Тан династиясынын (618–907) императору Уцзундун кабыл алуусунда болгон кыргыз элчиси. Кытай документтери боюнча кыргыз каганынын расмий элчиси Вэнь-у Хэ 843-ж. 6-айда (1-30-июль) келип, кыргыз каганынын атынан кат тапшырган. Ага жооп кылып Кытай императору жазган катында 839-ж. кыргыздар тарабынан талкаланган уйгурлар Тан мамлекетинин түндүк-батыш аймактарын талап-тоноп жаткандыгын, ага каршы биргелешип күрөшүүнү суранган. Бул кат «Юй сяцязсы кэхань шу» («Сяцзясылардын /кыргыздардын/ ханына кат») деп аталып, документтин мазмунунда тараптардын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү чагылдырылган. Элчини кытай документтеринде «генерал» деп жазганына караганда, ал кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы, өлкөдөгү таасирдүү инсандардын бири болгон деп божомолдонот. Бул элчилик императорго кыргыз каганынын атынан 100 жылкы, 10 жуп бүркүттү белек катары тартуулаган. Император катында генерал Вэнь-у Хэ жетектеген элчиликке өтө ыраазы экендигин билдирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]