Вадодара

Википедия дан
Вaдодaрa‎»‎ барагынан багытталды)
Вадодара.

Вадодара (мурунку Барода) - Индиянын батышындагы шаар, Гужарат штатында. Калкы 1,4 млн (2006). Жолдор тоому. Аэропорту бар. Барода княздыгынын мурунку борбору. Университет, музей, сүрөт галереяся, Лакшми-Вилас сарайы жана башка бар. Химиялык, металл иштетүү, фармацевтика, цемент, электр-техникалык, машина куруу (трактор заводу) өнөр жайлары бар. Вадодарага жакын Коялиде ири нефть ажыратуучу завод иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]