Гаага конференциясы (1929-30)

Википедия дан

Гаага конференциясы (1929-30) - репарациялар боюнча Юнг планын талкуулаган жанa кабыл алган эл ара­лык конфенеция.

1929-ж. 6—31-августта жанa 1930-ж. 3—20-январда Гаагада өткөн. Конференциянын 1-сессиясына Бель­гия, Улуу Британия, Германия, Гре­ция, Италия, Польша, Португалия, Румыния, Франция, Чехословакия, Югославия жанa Япония катышкан. Юнг планынын демилгечиси АКШ конференциянын ишине расмий түрдө катышпаса да, аны ка­был алдыруу үчүн кысым көрсөткөн.

Гаага конференциясында Улуу Британия менен Франциянын ортосунда 3 маселеге (репарациялык төлөөлөрдүн бөлүгүн көп кечеңдетпей бөлүштүрүү; натуралай төгүү; репарациялык төлөөлөрдүн бүт суммасын кредиторлордун ортосунда процент менен бөлүштүрүү) байланыштуу катуу талаш-тартыш болгон. 1929-ж. 31-августта конференциянын негизги катышуучулары Юнг планын негизинен кубаттаган протоколго кол коюшкан. Юнг планы 2-конференцияда (1930ж.3—20-янв., буга Австрия, Болгария, Венгрия да катышкан) биротоло бекитилген. Бул конференцияда Германия репарацияларды төлөөдөн баш тартса, ага санкция колдонуу жөнүндөгү токтом, ошондой эле Рейн облусунан оккупациялык бардык аскерлерди мөөнөтүнөн 5 жыл мурда (1930-жылдын июнунан кечиктирбей) чыгарып кетүү чечими да кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.