Гаашия сүрөсү
- 88-сүрө
Гаашия сүрөсү (1) Ороп алуучу[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 26 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. (О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби? (2)
- 2. Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт.)
- 3. (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда…
- 4. кызыган отко кирет!
- 5. (Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
- 6. Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок! (3) зарийь бул тикен
- 7. (Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
- 8. Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат - куунак!
- 9. (Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш - аракеттерине ыраазы!
- 10. Жогорку Бейиште!
- 11. Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
- 12. Анда агып турган булактар,
- 13. Бийик сөрүлөр,
- 14. (Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
- 15. Сап-сап тизилген жаздыктар
- 16. Жана төшөлгөн килемдер бар!
- 17. Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына ?!
- 18. Асмандын кандай көтөрүп коюлганына..,
- 19. Тоолордун кандай сайып коюлганына.., (4)
- 20.Жана жердин кандай жайып коюлганына? (5)
- 21. (О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң! (6)
- 22. Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
- 23. Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
- 24. Аны Аллах чоң азапка салат!
- 25. Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
- 26. Кийин алар менен өзүбүз эсептешип алабыз!