Жан Габен

Википедия дан
Габен Жан‎»‎ барагынан багытталды)
Жан Габен (1955).

Габен, Жан - (өз аты-жөнү Жан Алекси Монкорже) (17. 5. 1904, Мериэль -15. 11. 1976, Нёйисюр-Сен) француз кино актёру. 1923-жылдан эстрада бийчиси, оперетта ырчысы, киного 1931-жылдан тартылган. Фильмдерде жөнөкөй жумушчулардын, коомдон куугунтук жегендердин, жайдары мүнөз, кайраттуу каармандардын ролдорун аткарган, ошондой эле турмушка акылмандык, сабырдуулук менен караган, тажрыйбалуу, жөнөкөй адамдардын образдарын түзгөн. Белгилүү ролдору: машинист Раймон («Менин дүйнөм түн», 1951), банкир Ноэль Шудлер («Бул дүйнөнүн даркандары», 1958), жумушчу Неве («Прери көчөсү», 1959), фермер Огюст («Героин», 1970). «Париж аркылуу» (1956), «Архимед селсаяк» (1959), «Мышык» (1971), «Доминичинин иши» (1973) фильмдерде Габен актёрдук чеберилигин көрсөткөн. Франциянын улуттук сыйлыктарына, эл-аралык кинофестивалдардын байгелерине татыган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]