Габиделин Анатолий Константинович

Википедия дан

Габиделин Анатолий Константинович (25. 1. 1927, Кемеров облусу, Аджеро-Судженск шаары) генерал-майор. ЛКЖС БКнын Бүткүл союздук мектебин (1953), КПСС БКнын партиялык жогорку мектебин (1961), КМУнун экономика факультетин (1968) бүткөн. 1943-44-ж.(жылдары)Ташкөмүр кен башкармалыгында автогараж автослесары, 1944-48-жылдары Ташкөмүр шаардык аскер комиссариатында бөлүктүн башчысы, 1948-51-ж. комсомолдун Ташкөмүр шааркомунда бөлүм башчы, 1-секретарь, 1953-54-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКда бөлүм башчы, 1954-55-ж. комсомолдун Көк-Жаңгак шааркомунда 1-секретарь, 1955-57-ж.Кыргызстан КП Октябрь райкомунда (Жалал-Абад облусу) секретарь, 1957-61-ж. Жалал-Абад шааркомунда инструктор, 1961-62-ж. Ош обкомунда бөлүм башчынын орунбасары, 1962-63-ж. Ленин райкомунда (Ош облусу) 2-секретарь, 1963-69-ж.Ош обкомунда бөлүм башчы, 1969-71-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын 1-орунбасары, 1971-73-ж. Калинин райкомунда 1-секретарь, 1973-74-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, 1974-82-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министри болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980-85). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]