Гавана декларациялары

Википедия дан

Гавана декларациялары Биринчи Гавана декларациясы 1960-ж. 2-сентябрда Гаванада Ку­ба элинин 1-Улуттук ген. ассамблеясында кабыл алынган.

Бул Деклара­ция 1960-ж. августта Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлклөрдүн тышкы иштер министрлеринин консультативдик 7-кенешмеси кабыл ал­ган «Сан-Хосе декларациясына» кубалыктардын жообу болгон (ал кеңешмеде Куба революциясына карты АКШнын агрессиясын актоо далалаты жасалган).

Гавана декларацияларында амер. империализмдин Латын Америка элдеринин ички ишине кийлигишүүсү айыпталган. Экинчи Гавана декларациясы Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тыш­кы иштер министрлеринин консультативдик 8-кеңешмесинин (1962-ж. янв., Уругвай. Пунтадель-Эсте) Кубаны ал уюмдан чыгаруу жөнүндөгү дек­ларацпясына жооп претинде 1962-ж. 4-февралда Куба элинин 2-Улуттук ген. ассамблеясында кабыл алынган. Анда Латын Америка элдери Кубадан улгу алый жатканынан АКШнын импер. чөйрөлөрүнүн чочулашы Куба революциясына каршы заговорго себеп бо­луп отурат деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.