Каба-Сай офикальцит кени

Википедия дан
Гавасай офикальцит кени‎»‎ барагынан багытталды)

Каба-Сай офикальцит кени– Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 12 км чыгышта, Курама кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагында, Каба-Сай суусунун сол өйүзүндө. Кен аймагын карбондун акиташ теги менен мрамору түзөт. Кооз таштар офит, офикальцит, людвигит жука катмарча, линза (3x10 м) түрүндө акиташ менен мрамордун арасында жатат. Офикальциттин сайкалданган бети күзгүдөй жалтырап тунук, саргыч түскө бөлөнүп, өтө кооз көрүнөт. Людвигит өңү кара, сары темгилдүү. Асыл жана кооз таштар катары пайдаланууга болот. Болжолдуу запасы 0,5 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]