Гадамер, Ханс Георг

Wikipedia дан
Gadamer-tablica.JPG

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Ханс Георг Гадамер (1900-ж.туулган) — немис философу. Хайдеггердин окуучусу, кийин философиялык герменевтиканы негиздөөчүлөрдүн бири болгон. Лейпциг университетинде (1939-жылдан), Гейдельберг университетинде (1949-жылдан) философиядан сабак берген.
1946—1947-жылдарда Лейпциг университетинин ректору болгон. «Герменевтика» деген сөз ар түрдүү текстти талдап түшүндүрүү дегенди билдирет. Гадамер герменевтикага философиялык белги жана маани берет. Түшүнүккө тийиштүү нерсени туура талдап түшүндүрүү жана түшүнүү феномени — рух жөнүндөгү илимдердин атайын методологиялык проблемасы гана эмес. Түшүнүү феномени адамдын дүйнө менен болгон бүткүл байланышынан сызылып өтүп турат. Гадамердин сөзү боюнча, рух жөнүндөгү илимдер илимдердин сыртында жаткан түшүнүп-билүү жолдору менен: философиянын, искусствонун жана тарыхтын өзүнүн тажрыйбасы менен жакындашат. Мунун баары илимдин методологиялык каражаттары менен далилдөөгө жатпаган акыйкат өзү жөнүндө билгизип турган аңдап-түшүнүү жолдору. Гадамер үчүн герменевтика, философиялык түрдө негизделген жана өзү да философиялык ой жүгүртүүнүн ыкмасы болгон акыйкаттын тажрыйбасынын өзү.

Гадамердин герменевтикасы[оңдоо]

Гадамердин герменевтикасынын булагы — Гуссерлдин, Дильтейдин, Хайдеггердин философиясы.
Гадамер герменевтикалык рефлексия бардык жерде илимдин конкреттүү практикасынан келип пайда болот деп эсептейт. Ал гана эмес, бул герменевтикалык рефлексия илимий практикада баардык жерде учурайт. Өзүнүн герменевтикасы менен Гадамер, өзү айткандай, философияны илим менен элдештирүүгө аракеттенет. Бул учурда философиялык аң-сезим өзү коюп отурган маселе менен бир катарда ошондой эле адам турмушунун жалпы алкагындагы илимдин шарты менен чектерин да изилдейт. Илимдин ишмердигинин шарты менен чектерин дал философия аныктоого тийиш, бул жалган ишенимге эмес, илимге ишенгенде ушундай болот. «Акыйкатка жана усулга чымырканган көңүл буруу өз маанисин жоготпой турган актуалдуулук экендигинин фактысы дал мына ушуга негизделген».
Мындан башка да эгерде илимдин ичкерисинде — герменевтикалык рефлекстин жардамы менен,— изилдөөнүн логикасында камтылбаган, андан мурда жүрө турган акыйкат шартын ачкан болсо герменевтика илим теориясында тийиштүү орунду ээлейт.
Герменевтика, Гадамердин пикири боюнча, илимдин азыркы доорунда адамдын өздүк аң-сезими (самосознание) катарында чыгат. «Бул актуалдуу проблема үчүн философиянын тарыхы бере турган эң маанилүү сабактардын бири аристотелдик этикада жана саясатта практиканын жана ага жарык чачып жана аны жетелеген билимдин, практикалык акыл-эстин же даанышмандыктын ойногон ролунда турат» [Акыйкат жана усул. М., 1988. 621].

Философиялык ой жүгүртүү[оңдоо]

Гадамер, «биз жашап турган тил бизди кандай аныктаса, философиялык ой жүгүртүлө турган түшүнүк системасы да бизди так ошондой дайыма бийлеп келген,— деп эсептейт,— Түшүнүктөр тарабынан ойломдун ушундайча күн мурдатан аныкталышын баамдап- түшүнүү — ой-пикирдин актыгы мына ушуну талап кылат. Мындан ары ар кандай жооптуу философиялык ой жүгүртүүнү сөзсүз түрдө коштоп жүрө турган жана бизди курчап турган дүйнө менен байланыштуу процессинде жеке адамда калыптана турган тилдин жана ойломдук адаттарды биз баардыгыбыз таандык болгон тарыхый традициялардын сотуна алып келүүчү жаңы сыный аң-сезим мына ушундай».
Гадамер мындай дейт: «социалдык-тарыхый дүйнөнү таанып-билүү табият илимдеринин индуктивдүү усулдарын колдонуу жолу менен илимдин деңгээлине көтөрүлө албайт. Бул жерде кубулуштун өзүн анын кайталанбаган түрүндө жана тарыхый конкреттүүлүгүндө түшүнүү идеал болууга тийиш. Мында алда канча көп көлөмдөгү жалпы билимдердин таасири тийиши мүмкүн; максат аларды белгилеп коюуда жана аны адамдардын, элдердин жана мамлекеттердин өнүгүшүнүн жалпы мыйзамдарын тереңирээк түшүнүү үчүн дагы кеңейтүү эмес, тескерисинче, ал адам, ал эл, ал мамлекет эмне деген адам, эл, мамлекет экендигин, алардын кандайча калыптанышканын, башка сөз менен айтканда, алардын кандайча келип ушундай болуп калганын түшүнүүдө турат».

Билим тууралуу[оңдоо]

Гадамер «билим» түшүнүгүнө токтолот, бул анын пикиринче, биз өзүбүздү дагы эле болсо Гётенин замандашы катарында сезүүгө мүмкүндүк бере турган жана тескерисинче, бардык бароккону байыркы мезгил деп эсептөөгө мажбурлай турган руханий эволюциянын канчалык терең экендигин алда канча ачык-айкын түшүнүүгө жардам берет. Биз колдонууга көнүп калган бир кыйла маанилүү түшүнүктөр жана речь обороттору өзүнүн бейнесине дал ушул процессте ээ болгон, кимде ким тилдин стихиясынын эркине баш ийип, аны менен иш алып барбаса жана тарыхты өз алдынча жана негиздүү түшүнүүгө ээ болууга умтулса, анда ал сөздөр менен түшүнүктөрдүн тармагындагы бир проблемадан экинчи бир проблемага өтүүгө аргасыз боло берерин көрөт». Мындай түшүнүктөр деп Гадамер искусствону, генийди, тарыхты, чыгармачылыкты, стилди, символду эсептейт. Дагы бир башка түшүнүк — «туура ой-пикир, бул ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү менен тыкыс байланыштуу. Мына ошентип, Гадамер, акыйкат жөнүндөгү маселе илимий-гуманитардык процесстин жыйындысын түшүнүүгө байланыштуу деп эсептейт.

Түшүнүү процесси[оңдоо]

Гадамер Хайдеггер тарабынан коюлган түшүнүү процесси жөнүндөгү маселеге таянат. Ал мындай деп жазат: «Кимде ким текстти түшүнгүсү келсе дайыма маанилерди сомолоп бирине бирин каттай берет. Текстте кандайдыр бир маани көрүнө баштаганда ал бүткүл тексттин маанисин алдын ала сомолоп чыгат. Бирок бул биринчи маани өз кезегинде биз тексттен тигил же бул белгилүү түрдөгү маанини табууга умтулуп, текстти эң башынан тартып окуганыбыздан улам гана көрүнүп-билине баштайт. Тексттеги камтылып турган нерсени түшүнүү улам тереңдеп үңүлгөн сайын такай улам кайра караштырууга дуушар болуп турат... Фактылар менен ырасталбастан алдын ала айтылган ой-пикирлер түшүнүүгө умтулган адамды жолдон адаштыруу коркунучун туудурат. Фактыларга жооп бере турган туура иштеп чыгылган сомолор текстте камтылган маанини алдын ала баамдагандыктын өзү болуп саналат жана алар «фактылардын өзү» тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш,— түшүнүүнүн дайымкы милдети мына ушунда турат. Бул жерде биздин алдын ала айтылган пикирибиз иштеп чыгуунун жүрүшүндө ала турган ырастоолордон башка эч кандай бөлөк «обьективдүүлүк» жок. Фактыларга жооп бербеген, алдын ала айтылган, негизделбеген ой-пикир аларды реалдуулукка колдонууга жасалган биринчи эле аракетте жокко чыгат. Түшүнүү өзүнүн алдын ала айтылган ой-пикири кокустан болбогон учурда гана чыныгы мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мына ошондуктан түшүнүк берүүчү адам текстке өзүндө болгон бардык алдын ала айтылган (предмнениями) даяр ой-пикирлерге таянып жөнөкөй гана мамиле жасабастан, тескерисинче, ошол ой-пикирлерди алардын алгылыктуу экендигинин көз карашынан, башкача айткандаалардын кандайча пайда болгондугунун жана маанилүүлүгүнүн көз карашынан алып чечкиндүү түрдө текшерүүсүнүн терең мааниси бар».

Текст тууралуу[оңдоо]

Гадамер мындай дейт: «Кимде ким түшүнгүсү келсе, ал өзүнүн кокустуктарга толгон алдын ала айтылган ой-пикирлеринин эркине жетеленбөөгө тийиш, ал тексттеги айтылган пикирлерди мүмкүн болушунча тырышкандык жана ырааттуулук менен кулактын сыртынан кетире берүүсү керек, ошондо акыры келип ал тексттеги пикирлер анын иллюзордуу түшүнүгүнө атырылып кирет да, анын алдын ала айтылган негизсиз ой-пикирин жок кылат. Чынында ким текстти түшүнгүсү келсе ал текстти угууга даяр жана ага сүйлөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан герменевтикалык түрдө тарбияланган аң-сезим тексттин башкача мааниде болушунун ыктымалдыгын адегенде эле баамдай билүүгө тийиш. Бирок мындай баамдагычтык «нейтралитетти» («бейтараптыкты») (талкууланып жаткан нерсенин маңызы жөнүндөгү маселеге карата) да, өзүн өзү жок кылууну да талап кылбайт, бирок өз боюнда өзүнүн алдын ала айтылган пикирлеринин жана алдын ала ой жүгүртүүлөрдүн негизсиздерин четтетүү менен өздөштүрүүнү камтып турат. Мында сөз текст өзүнүн бардык башкача маанисинде көрүнсүн үчүн жана муну менен өзүнүн иш жүзүндөгү акыйкатын биздин негизделбестен алдын ала тутунган пикирлерибизге карама-каршы коюуга мүмкүнчүлүк алганга чейин өзүнүн мурдатан алдын ала жаңылыш алынган ой-пикирди эстен чыгарбай туруу жөнүндө сөз болуп жатат».

Жалган ишеним жөнүндө[оңдоо]

Гадамер Агартуу доорунда иштелип чыккан жалган ишеним түшүнүгүнө атайын токтолуп, жеке адамдын жалган ишеними (предрассудка) анын ой жүгүртүүсүнө (суждение) караганда алда канча чоң даражада анын бытиесинин тарыхый чындыгын түзүп турарын ачып көрсөтөт.
Герменевтикалык эреже — бул бир бүтүндүктү жекеликтен алып келип, жекеликти (частное) бир бүтүндүктөн (из целого) алып келип чыгаруу аркылуу түшүнүү керек дегенди билдирет. Калыптанып бүтүп, бир бүтүн маанини билдирген нерсе гана түшүнүктүү болот деп эсептейт, Гадамер. Мисалы, кандайдыр бир тексти окуп жатып, биз ар дайым аны калыптанып бүткөн бир ой-маанини камтып турат деп божомолдойбуз, бирок, эгерде бул болжолдоо өзүн актабай калса, башкача айткандатекст түшүнүксүз болуп чыкса, — ошондо гана биз бизге жеткен тексттин так экендигинен шектенебиз да, ал так эместикти кантип оңдоо жөнүндө ойлойбуз. Муну менен түшүнүү дегенибиз баарынан мурда иштин өзүн түшүнүп алуу керек, анан экинчи кезекте гана — бөлөк пикирди кандай бөлсө ошондой түрүндө бөлүп алып, аны түшүнүүгө аракеттенүү керек деген биздин тезисибизди дагы бир жолу ырастайт. Ошентип, бардык герменевтикалык шарттардын эң биринчиси — ошол эле ишке биздин кайрылып турушубуздан келип чыгуучу алдын-ала түшүнүү шарты кала берет... «Герменевтика кимде ким тарыхый уламыштар менен үндөшүп турган иштин өзү менен катышы бар экенин жана бизге уламыштар жеткизип турган традициялар менен байланыштуу экенин же тикеден тике катышы бар экенин билгиси келсе дегенден келип чыгууга тийиш. Экинчи жагынан, герменевтикалык аң-сезим бул иш менен анын байланышы үзгүлтүксүз уланып келе жаткан традициянын учурунда гана орун ала турган шексиз жана өзүнөн өзү көрүнүп турган биримдик боло албай турганын ачык түшүнөт».
Ошентип, герменевтикалык изилдөөдө герменевтикалык айлампа (бөлүк — бүтүн) пайда болот, мында « алдын-ала түшүнүп-билүүнүн озунуп жүрүүчү кыймылы тексти түшүнүп-билүүнү дайыма аныктап турат (348-6)». «Бүтүндүк жана бөлүктүн айлампасы ишке ашып бүткөн түшүнүүдөн өз чечилишин таппайт, бирок, тескерисинче, өзүнүн чыныгы ишке ашканын, көрүнүшүн табат».

Гадамердин концепциясы[оңдоо]

Гадамердин концепциясында ситуация (кырдаал) жана горизонт түшүнүктөрү маанилүү орунду ээлейт. Ал мындай деп жазат: «активдүү-тарыхый аң-сезим баарынан мурда герменевтикалык ситуациянын аң-сезими болуп саналат... Ситуация түшүнүгү биздин ага карама-каршы коюлбагандыгыбыз менен жана ошондуктан ал жөнүндө предметтик билимге ээ боло алалбай тургандыгыбыз менен мүнөздөлөт. Биз ал ситуациянын кучагында болуп турабыз, биз ар дайым кайсы бир ситуацияда алдын ала көрө алабыз, ал ситуацияны аныктоо биздин аяктап бүтпөй турган милдет болуп саналат» [357-6.]. Ошондуктан философиялык герменевтиканын милдети «төмөнкүчө аныкталышы мүмкүн: гегелдик феноменологиялык рухтун (духтун) жолун тескери багытта басып өтүүгө тийиш, анткени ар кандай субьективдүүлүктө аны аныктай турган субстанцианалдуулугу ачылып көрсөтүлүүгө тийиш. Учурдагы ар бир бүткөн нерсенин өз чеги болот. Ситуация түшүнүгү дегенибиз ал көз караш болуп саналгандыгы жана ал ушул көз караштын мүмкүнчүлүгүн чектей турган көз караш болгондугу менен аныкталат. Бул демек ситуация түшүнүгүнө горизонт түшүнүгү олуттуу түрдө кирет дегенди билдирет. Горизонт — бул кайсы бир чекиттен көз алдыга тартылып көрүнүүчү нерселерди кучактап жана камтып турган мейкиндик. Ойлоочу аң-сезимге карата колдонууда, биз дагы да горизонттун тардыгы жөнүндө, горизонтту кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө, жаңы горизонтторду ачуу жөнүндө жана д.у.с. айтабыз... Герменевтикалык ситуацияны иштеп чыгуу дегенибиз ушуга ылайык алдыга тарыхый уламыштар койгон суроолор үчүн суроолордун туура горизонтуна ээ болуу дегендик».

Тажрыйба жана анын ролу[оңдоо]

Гадамер тажрыйбаны жана анын герменевтикадагы ролун түшүнүүгө маанилүү орун берет. Ал мындай деп жазат: «Герменевтикалык тажрыйбанын уламыш менен иши болот. Бул тажрыйбанын сынагынан өтө турган нерсе дал ушул уламыш. Бирок уламыштар дегенибиз тажрыйба аркылуу таанып-билүүгө үйрөнө турган, биз үстүнөн үстөмдүк кылууга үйрөнүп жаткан жөнөкөй гана ишке ашкан окуя болгон эмес, ал тилдин өзү, башкача айткандаал кимдир бир «Сенге» окшоп, биз менен өзү аңгеме курат».
Гадамердин герменевтикасы суроо жана жооп проблемасын өзүнө камтыйт. Ал мындай деп жазат: «Бизге берилген тексттин түшүндүрүүнүн предмети болуп калганы бул тексттин интерпретаторго суроо бергени дегендик. Ошондуктан талдап-түшүндүрүү өзүндө дайыма интерпретаторго берилген суроолор менен олуттуу байланышты камтып турат. Текстти түшүнүү ошол суроону түшүнүү дегендик. Бирок, биз жогоруда көрсөткөндөй, бул герменевтикалык горизонтко ээ болуу жолу менен ишке ашат. Биз эми герменевтикалык горизонтту суроолордун горизонту деп түшүнөбүз, мунун алкагында тексттин маанилик багыты аныкталат».

Тажрыйба чөйрөсү[оңдоо]

Герменевтикалык тажрыйбанын чөйрөсү — тил. Гадамер мындай деп жазат: «...Түшүнүү дегенибиз биз өзүбүздү башка бирөөнүн ордуна коюуга же ага түздөн-түз катышууну көрсөтүүгө жасалган аракетке дегеле негизденбейт. Башка бирөөнүн бизге айтып жаткан сөзүн түшүнүү, биз жогоруда көргөндөй, иштин маңызына тиешеси бар маселеде өз ара түшүнүшүүгө келүү дегендик жана өзүңдү анын ордуна коюу жана анын башынан өткөрүп жаткандарын кайталап көрсөтүү дегендик эмес. Ушундай жол менен ишке ашырыла турган маани-маңызды (смысла) түшүнүп билүү дайыма өзүнө аппликацияны камтып турарын биз баса белгилегенбиз. Эми биз ушул бүткул процесс тил процесси болуп саналарына көңүл бурабыз. Түшүнүүнүн өз проблематикасы, түшүнүүгө искусство катарында ээ болууга аракеттенүү,— герменевтиканын темасы дал мына ушул,— салт боюнча грамматика менен риториканын чөйрөсүнө таандык. Тил — аңгемелешип жаткандардын сөздөрүн өз ара айтып бүтүрүү процесси жүрө турган жана иштин өзү жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетише турган чөйрө». «Тил — универсалдуу чөйрө, бул чөйрөдө түшүнүү ишке ашат. Бул ишке ашыруунун жолу — талдап түшүндүрүү».
Тил, ошентип, Гадамер тарабынан өзгөчө реалдуулук катарында каралат, бул реалдуулуктун кучагында адамдын адамды түшүнүүсү жана ошондой эле адамдын дүйнөнү түшүнүүсү ишке ашат. Тил — адамзат бытиесинин мүмкүнчүлүгүнүн негизги шарты. Ар түрдүү маданияттардын ортосунда болуп жаткан диалог — жалпы тилди табуу формасына ээ.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8