Мазмунга өтүү

Газдарды тазалоо

Википедия — ачык энциклопедия

Газдарды тазалоо – газдан зыяндуу заттарды (чаң, газ, буу) бөлүп алуу. Өтө кеңири таралган булганыч газдарга SO2, азот оксиддери, СО, углеводород, хлор, HF, H2S жана башка кирет. Г. т. механикалык, электр жана физ.-хим. методдор газды өтө чоң ылдамдыкта циклон аркылуу өткөрүү, чыпкалоо, булганыч газдар атайын аппараттар нымдап тазалоо менен жүргүзүлөт. Электрдик тазалоодо электр чыпкасы колдонулат. Чаң бөлүкчөлөрү электр зарядына ээ болот. Заряддалган бөлүкчөлөр электр талаасынын таасири менен карама-каршы заряддалган электроддун беттерине жабышат да, газдан бөлүнөт. Физ.-хим. методдордо зыяндуу заттар абсорбентке (суюк), адсорбентке (катуу) сиңирилет, катализатор жардамы менен да зыянсыздандырылат. Зыяндуу аралашмалар суюктукка айландырылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]