Газдын кинетикалык теориясы

Википедия дан

Газдын кинетикалык теориясы - теориялык физиканын молекулалар ортосундагы өзара аракеттешүүнүн айрым закондоруна жана заттардын молекулярдык түзүлүшүнө негизделген статистикалык ыкма менен газдын теңсалмаксыз касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Анын жардамы менен сейректелген жана тыгыз газдардын, көп атомдуу жана иондошкон (плазма) газдардын, газ аралашмаларынын касиеттери изилденет. Газды мүнөздөөчү физикалык чоңдуктар орто статистикалык маанилерге ээ. Бул чоңдуктардын орто маанилерин эсептөө үчүн газ молекулаларынын мейкиндикте убакыт боюнча жайгаштыруу закону, башкача айтканда жайгаштыруу функциясын f (v, r, t)билүү зарыл. Мында vылдамдык, rрадиус вектор, tубакыт. Ушул функциянын жардамы менен газ абалын мүнөздөөчү чоңдуктардын маанилери эсептелет. Газдарда энергиянын жана импульстун берилиши молекулалардын кош урунуулары менен шартталат. Үч молекуланын бир эле мезгилде өзара урунушу өтө аз. Газдын кинетикалык теориясынын негизги законунун милдетин Больцман кинетикалык теңдемеси аткарат. Ал аркылуу импульстун жана энергиянын теңдемелери алынат жана кинетикалык коэффиценттери эсептелет. Кванттык газдын кинетикалык теориясы квант механикасына негизделген. Кинетикалык теңдемени чыгаруу ыкмаларынанглиялык окумуштуу С. Чепмен жана швед окумуштуусу Д. Энског иштеп чыккан. Газдын кинетикалык теориясынын негизги милдети газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк жана башка) орточо маанисин аныктоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]