Газ лазери

Википедия дан

Газ лазери – активдүү чөйрөсү газ сымал оптикалык квант генератору.

Газ лазери активдүү чөйрө, оптикалык резонатор жана чөйрөгө энергия берүүчү система-дан турат. Газ лазеринин өзгөчөлүгү активдүү касиеттери менен аныкталат, тыгыздыгы кеңири диапазондо басымы 10-3Пага чейин өзгөрөт. Суюктукка айланган чөйрөгө караганда газдар бир тектүү, андагы жарык нуру бир аз өзгөрүп чачырайт. Натыйжада Газ лазеринин нурлануу багыты жарык дифракциясы менен шартталган чекке жетет. Газ чөйрөсүнүн тыгыздыгы аз. Спектрдин кеңири диапазонунда тунук жана анын жутуу жана нурлануу сызыктары кууш. Газ тыгыздыгынын аздыгы катуу нерселерге жана суюктуктарга мүнөздүү болгон дүүлүккөн бөлүкчөлөрдүн жогорку катуулугун алууга тоскоолдук кылат. Суюктук лазерине жана катуу нерселүү лазерге караганда Газ лазеринин энергияны кабыл алуучулугу төмөн. Жогорку басымга өтүү жана тең агуучулукту пайда кылуу Газ лазеринин кубаттуулугун МВт ка чейин көбөйтөт.

Активдүү чөйрөнүн дүүлүгүшү боюнча Газ лазери газ-разряддык, оптикалык дүүлүгүү жана заряддалган бөлүкчөлөр менен дүүлүктүрүүчү, газ-динамикалык, химиялык лазерлерге бөлүнөт. Газ лазеринин генерациялык өтүүлөрүнүн типтери боюнча ион-молекулалык жана эксимердик лазерге айырмаланат. Инверсиялык жайгашуусу боюнча Газ лазери кошумча газдардын бөлүкчөлөрү м-н, электрондук кагылышуу менен дүүлүгүүнү берүүчү, рекомбинациялык, түз оптикалык дүүлүгүү, фотодиссоциациялык ж. б. бөлүнөт.

Газ лазеринин эң кеңири таралганы гелий-неон лазери. Гелий-неон лазеринин жумуш аткаруучу заты – неондун бейтарап атомдору. Электр разрядында гелийдин атомдорунун бөлүгү негизги деңгээлден жогорку дүүлүккөн абалга өтөт. Гелий-неон лазеринин генерациясынын кубаттуулугу ≤ 0,1% ПАК болгондогу Вт тын ондон бир бөлүгүнө жетет. Нурлануунун жогорку монохромдуулугу жана багыттуулугу, түзүлүшүнүн жөнөкөйлүгү гелий-неон лазеринин кеңири колдонулушун шарттайт. Кызыл гелий-неон лазери юстир жана нивелир иштеринде колдонулат. Гелий-неон лазерлери голография иштеринде, квант гироскобунда жана мезгилдин оптикалык стандартында пайдаланылат. Иондуу лазерлердин чыгуу кубаттуулугу разряддын тогуна көзкаранды жана гелий-неон лазерине караганда көбүрөөк. Иондуу лазерлер физикалык изилдөө-лөрдө, жердин жасалма жандоочуларынын оптикалык байланыштарында жана локациясында, технологияда, фотобиологияда, фотохимияда колдонулат.

Жогорку ПАКты алуу үчүн металл-дардын буусундагы (атом, ион) Газ лазери колдонулуп, атомдор менен молекулалардын кагылышуусунун натыйжасында төмөнкү лазер деңгээлинин бузулуш процесси жүрөт. Молекулалык лазерлер жогорку ПАКка ээ болгон кубаттуу Газ лазери физикалык, химиялык, биологиялык изилдөөлөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]