Газ менен ширетүү

Википедия дан

Газ менен ширетүү — ширетүүчү горелкадан чыккан газ жалыны менен металлдардын бириктирилүүчү жерин эритип ширетүү ыкмасы.

Жог. темп-радагы жалынды алууда ысытылган газ менен таза кычкылтектин аралашмасы пайдаланылат. Ширетүүчу ацетилен-кычкылтектин жалынынын температурасы 3000°Сден төмөн бол­бойт. Газ менен ширетүү процесси жука темир, чоюн, түстүү металл, катуу куймалар, чоц түтүктөр ж. б. материалдарды ишретип бириктирүү жумуштарында колдонулат.

Газ менен ширетүүдө жарылуу коркунучу болгондуктан электр ширетүү менен алмаштырылууда.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.