Газ сактагыч

Википедия дан

Газ сактагыч — газ сактоого ылайык табигый же жасалма резервуар. Газ сактагыч жер астына жанa жер үстүнө да курулат.

Жер астындагы Газ сактагыч ичиндеги газдын басымы, составы бирдей болуш үчүн колдонулат. Анын сыйымдуулугу да чон, анда газды сактоо үнөмдүү жанa коркунучсуз. Мын­дай Газ сактагыч жер кыртышынын майда тешикчелүү тoo тектеринде жанa анын бош, чоң коңулдарында курулат. Жер үстүндөгү Газ сактагыч — түркүктөргө отургузулган болот цилиндр же шар формасындагы резервуар. Газ сактагыч көлөмү өзгөрүлмө жанa туруктуу болуп бөлүнөт. Көбүнчө басымы 18 ат бол­гон туруктуу көлөмдүү Газ сактагыч көп кол­донулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.