Газ туруктуулугу
Газ туруктуулугу (R) — 1 моль идеалдуу газдын абал теңдемесине кирүүчү физикалык туруктуу сан. Ал pV=RT теңдемеси менен туюнтулат (к. Клапейрон теңдемеси), мында pбасым, V молдун көлөмү, Tабсолюттук температура. Газ туруктуулугу физикалык мааниси боюнча универсалдуу газ туруктуулугу 1 моль идеалдуу газды туруктуу басымда 1 Кге ысытууда кеңейүү менен аткарылган жумуштун сан чоңдугуна барабар. Газ туруктуулугу туруктуу басымдагы жана көлөмдөгү молдук жылуулук сыйымд. айырмасы CpC=R. Бирдиктердин эл-аралык системасындагы (СИ) газ туруктуулугунун сан мааниси 8,31441(26) Дж/(моль K).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4