Гален дарылары

Википедия дан

Гален дарылары (байыркы рим дарыгери К. Галендин атынан) — өсүмдүктөрдүн (тамырынан, тамыр сабагынан, жалбырагынан, гүлүнөн, кабыгынан ж. б.) жана жаныбарлардын сырьёсунан атайын иштетүү жолу менен тазартылып алынуучу дары-дармек.

Гален дарылары суу, спирт, эфир же спирт-суу аралашмасынын жардамы менен сырьёдон ажыратылып алынат. Гален дарыларынын кээ бири дары-дармек заттарынын спирттеги, суудагы эритмеси болот. Аларга маңыз, экстракт, мед. суу, спирт, пластырь жана линимент кирет. Гален дарылары гален-фармацевтикалык ишканаларда даярдалат. Азыркы фармацевтикалык өнөр жайлар новогален (неогален) дарыларын суулуу, суулуу-спирттүү, хлороформдуу спирттүү абалда абдан тазартылган түрдө чыгарат. Гален дарыларынын таасири хим. таза заттарга жакын.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.