Галлия

Википедия дан
Галлия (58-ж).

Галлия (лат. Gallia) — Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түндүк Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны жана Нидерланд менен Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. биздин заманга чейинки 6-кылымдардан Галлияныкельттер мекендеп, римдиктер аларды галлдар деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер биздин заманга чейинки 220-жылдар ченде По дарыясыменен Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Галлиясы) айландырган. биздин заманга чейинки 58-51-ж. Цезарь Галлиянын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Галлиясы, Лугдун Галлиясы, Аквитания жана Белгика) түзүлгөн. Биздин замандын 3-кылымынын орто чендеринде Рим империясынын ички жана тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-ж. Галлия, ошондой эле Британия жана Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өзалдынча империя түзүлөт. Галлия империясы 15 жыл өзалдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (2702-73-ж. башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, ГаллияРим империясына кайра кошулган. Варварлардын Галлияга басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-ж. Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Галлияжерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-ж. Галлияны Франк мамлекетинпн курамына толук караткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]