Галмудуг
|
Галмудуг | |||||
| |||||
| Мамлекеттик Гимни | |||||
| Негизделген | 14-август 2006-жыл | ||||
| Расмий тили | сомали тили, англис тили | ||||
| Борбор шаары | Галькайо | ||||
| Ири шаарлар | Галькайо | ||||
| Башкаруу формасы | президенттик башкаруу системасы | ||||
| Президент | Ахмед Абди Карие | ||||
| Мам. дини | ислам | ||||
| Аянты • Жалпы | 100 370 км² | ||||
| Калкы • Бааланган (2014) • Жыштыгы | 1 300 000 адам ад./км² | ||||
| Акча бирдиги | Сомали шиллинги (SOS, коду 706) | ||||
| Домени | .so | ||||
| Телефон коду | +252 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC +03:00 | ||||
Галмудуг сомал. Dowlad Goboleedka Galmudug ee Soomaaliya, ар. ولاية غامدوغ الصومال) — Сомалинин борборунда жайгашкан Федералдык Сомали Республикасынын курамына мүчө болгон штат. Борбору жана эң ири шаары — Галькайо.
Түндүгүнөн Пунтленд менен, түндүк-батышынан Эфиопия менен, батышынан Сомалинин автономдуу Хиршабелле аймагы менен чектешет. Түштүк-чыгышынан Инди океанынын суулары менен чулганат.
Сомалиленден айырмаланып, Пунтленд сыяктуу эле, көз карандысыз мамлекет түзүүгө умтулбайт жана келечектеги Федеративдик Сомали мамлекети федерациянын курамында бир субъектиси катары калууга даяр.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Галмудугдун түзүүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006-жылдын 6-июнуна чейин Сомалинин борбордук бөлүгү Аскер жетекчилер альянсына таандык болгон. 2006-жылдын мартынан июнуна чейинки согуштарда Ислам сотторунун бирлиги Аскер жетекчилер альянсын жок кылып, Орто Шабелле аймагын толугу менен көзөмөлүнө алган. Альянстын кулашынан кийин Сомалинин борбордук аймактары 17 жыл аралыгында биринчи жолу боштондукка ээ болуп, Сакад уруусунун башчысы 2006-жылдын 14-августунда өз суверинеттин жарыялаган.
Президент болуп Мохамед Варсаме Али «Kiimiko» шайланган. Мамлекет, Галгудуд менен Мудуг провинцияларынын аталыштарынын айкалышынан Галмудуг деп аталган.
Хобьо аймагы да Галмудугдун курамына кирген, бирок ал аймак де-факто деңиз каракчыларынын көзөмөлүндө болгон.
Ислам сотторунун бирлиги менен согушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006-жылдын октябрында Ислам сотторунун бирлиги Галмудугга басып кирип, төрт айдын ичинде Хобьо, Харадере, Бандирэдле жана Абудвак шаарларын ээлеп алган. Галькайо шаарынын түндүк бөлүгү Пунтлендге караштуу болгондуктан, аны басып алынышын алдын алуу үчүн өлкөгө биргелешкен Эфиопия-Пунтленд аскерлери киргизилген. Коалиция күчтөрү Бандирэдле жана Галинсоор шаарларын кайра алган. 2007-жылдын 1-январынан тарта Пунтленд менен Эфиопия өз аскерлерин өлкөдөн чыгара баштаган.
Борбордук аймактар мамлекетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2014-жылы Сомалинин Федералдык өкмөтүнүн демилгеси менен Галмудуг, Химан жана Хеб, ошондой эле Ахлу-Сунна валь-Жамаа аймактарын камтыган Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекети автономиясын түзүү боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2014-жылдын 30-июлунда Могадишодогу «Вилла Сомали» сарайында өткөн Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд, премьер-министри жана БУУ, Европа бирлиги, Африкабирлиги, IGAD жана AMISOM өкүлдөрү катышкан жыйында жаңы мамлекет түзүү долбоору расмий жактырылган. Ошол эле учурда Мудуг жана Галгудуд аймактарында жаңы мамлекеттик администрацияны түзүү жана тиешелүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн комитеттер түзүлгөн. Жаңы мамлекет Сомалинин Федералдык Конституциясына баш ийиши керек деп белгиленген[1][2].
2014-жылдын 31-июлунда Пунтленддин администрациясы Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекети тууралуу жобону тааныбай турганын билдирген. Алардын айтымында, бул чечим Сомалинин Федералдык Конституциясынын негизги жоболоруна каршы келип, Пунтленд курамына кирген Мудуг провинциясынын түндүк райондоруна коркунуч туудурган[3][4]. Пунтленд Сомалинин борбордук өкмөтүндөгү өз өкүлдөрүн артка чакырып алган[3].
2014-жылдын 9-августунда БУУнун, Европа бирлигинин, Африка бирлигинин жана IGAD уюмунун өкүлдөрү биргелешкен кайрылуу жасап, анда Пунтленд администрациясына жаңы Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекети Пунтленддин юрисдикциясындагы аймакка доо койбой турганын билдиришкен. Алардын айтымында, бул жаңы мамлекеттик түзүү жөнүндөгү жобо Галгудуд менен Галмудугга гана тиешелүү, ал эми Түндүк Мудуг Пунтленд мамлекетинин курамдык бөлүгү катары каралат деп жаряланган. 2014-жылдын 24-августунда Сомалинин парламентинин төрагасы Мохамед Осман Жавари бул маселе боюнча федералдык өкмөт менен Пунтленддин ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын жарыялаган[5].
2014-жылдын 14-октябрында Гарове шаарында өткөн үч күндүк конференцияда федералдык өкмөт менен Пунтленддин ортосунда 12 пункттан турган макулдашуу кабыл алынган. Анда жаңы түзүлө турган мамлекеттин курамына кириши керек болгон Галгудуд жана Мудуг аймактарынын Галмудуг менен Химан жана Хеб мамлекеттеринин көзөмөлүндөгү бөлүктөрү так көрсөтүлгөн.
2014-жылдын 25-декабрында Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекетин түзүү боюнча Ададо шаарындагы конференциянын алдында алты комитет түзүлгөн: техникалык комитети, конституциялык комитети, макулдашуу боюнча комитети, коопсуздук комитети, протокол жана көзөмөл комитети, мобилизация жана делегаттар менен конокторду жайгаштыруу боюнча комитети[6].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Horseed Media. Somali Prime Minister welcomes agreement to form new administration in central Somalia
- ↑ Garowe Online. Somalia: Federal Govt endorses central state after tripartite deal
- 1 2 Raxanreeb. SOMALIA: Puntland cuts its ties with Federal Government following announcement of Central State
- ↑ Garowe Online. Somalia: Puntland withdraws support for Federal Govt
- ↑ Raxanreeb. SOMALIA: Speaker Jawari hails MPs' efforts to mediate between FG and Puntland
- ↑ Goobjoog. Federal government finalizes committees to facilitate formation of Central state
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр | |
|---|---|
| Таанылбаган мамлекеттер |
|
| Автономдуу федеративдик мамлекеттер | Жубаленд (2013) • Галмудуг (2006) • Пунтленд (1998) • Хиршабелле (2016) • Түштүк-Батыш Сомали мамлекети (2014) |
| Ислам жамааттары |
|
| Мурунку мамлекеттик түзүлүштөр |
Хатумо (2012-2018) • Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекети (2014) • |
| Мурунку исламий администрациялар |
|
