Гальвани элементи
Көрүнүш
Гальвани элементи окистенүү-калыбына келүү реакциясынын натыйжасында пайда болгон электр тогунун химиялык булагы. Ал электролиттердин эритмесине малынган 2 түрдүү тектеги металл электроддордон турат. Демейде металл электрод ошол металлдын иону бар эритмеге малынат. Эритмелер бири биринен тешикчелүү тосмо менен бөлүнөт. Терс заряддалган электрод анод деп аталып, анда окистенүү (электронду берүү) жүрөт. Оң заряддалган электрод катод деп аталып, анда калыбына келүү (электронду кошуп алуу) жүрөт. Гальвани элементинин бир жолу пайдаланылуучу (кургак элементтер), көп жолу пайдаланылуучу (аккумуляторлор) жана электрод заттарын дайым сарптоочу түрлөрү бар. Туруктуу электр тогунун булагы катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4