Якуб Ганецкий

Википедия дан
Ганецкий, Якуб‎»‎ барагынан багытталды)

Ганецкий, Якуб (Фюрстенберг Яков Станиславович) (15. 3. 1879—26. 11. 1937)—поляк жанаa орус рев-ячыл кыймылынын ишмери, сов. мамлекеттик ишмер.

Бурж. үй-бүлөдөн. 1896- жылдан Компартия мүчөсү. Берлин, Гейдельберг, Цюрих ун-ттеринде оку­тан. РСДРПнин 2-(1903),4-(1906) съезддерино катышкан.

Варшава жумушчуларынын 1905-жылкы революциялык көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин би­рж РСДРПнин 5-съездпнде (1907) сыртынан БКга мүчөлүккө шайланган. Бир канча жолу камакка алынып, сүргүнгө айдалган. 1912-ж. Базелде өткөн Эл аралык соц. конгресске, 1913-ж. большевиктердин Поронинде өткөн кенешмесине катышкан. 1914-ж. В. И. Ленинди Австрия түрмөсүнөн бошотууга көмөктөшкөн. 1917-ж. В. И. Лениндин эмиграциядан кайтышын уюштурууга иштиктүү ка­тышкан. 1917-ж. РСДРП (б) БКяын Чет элдик Бюросунун мүчөсү. Окт. рев-ясынан кийин комиссар ж-a Эл­дик баиктын башкаруучусу. 1935-жылдан СССР Рев-я музейинин директо­ру. В. И. Ленин жөнүндөгү эскерүүлөрдүн автору.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.