Мазмунга өтүү

Гапарова Саадат

Википедия — ачык энциклопедия

Гапарова Саадат - Килемчи жана өрмөкчү. 1933-ж. Баткен районундагы Говсувар айылында төрөлгөн.

Тамеки өстүрүүчү бригадада эмгектенет. Ал уз үй-бүлөдө өскөндүктөн көркөм кол өнөрчүлүктүн көпчүлүк түрлөрүн кармай билет. Термени кайын энеси Базилден үйрөнгөн. Ал шалчага «тай туяк көчөтүн», «ит таман көчөтүн», «тайлак таман көчөтүн», «терме», «беш кеште» сыяктуу таардын көркөм үлгүлөрүн такай кармап, ал үлгүлөрү тарыхий жасалгалык мааниге ээ болууда. Анын килем буюмдарына түшүрүлгөн «ашкана көчөттөрүнө» жашылды кызыл түскө арбын пайдалангандыктан буюм бети канчалык так, төп түргө бай болгону менен анча ачылбай, бүдөмүк көрүнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0