Гарвард Университети

Википедия дан

Гарвард Университети (англ. Harvard University) - 1636-жылы Айви Лигасына (англ. Ivy League) кирген жеке изилдөө университети болуп саналат, жана ошондой эле анын тарыхы, баркы жана байлыгы менен дүйнө жүзү боюнча эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Ал Массачусетс штатындагы Кембридж шаарында жайгашкан.

Гарвард университети
Гарвад Университети (1740).


Университет Бостон шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашып, он бир окуу бөлүмдөрүнөн, он факультет жана Рэдклифф Жогорку Окууларынын Институтунан турат. Башкы кампусу Кембридждин Гарвард Короосунда (Harvard Yard), Бостон шаарынын тундук-батыштан 5 км аралыкта, 85 гектар жерде орун алган. Гарвард стадиону, бизнес-мектеби жана атлетика факултеттери Чарльз дарыясын бойлото жайгашып, Бостондун Альстон аймагынан орун алган. Ал эми медициналык, стоматологиялык жана коомдук саламаттык сактоо мектептери Longwood Medical Area аймагында жайгашкан. Башка мамлекеттик окуу мекемелерге салыштырмалуу Гарвард $ 34,5 млрд каржылык кайрымдуулугу менен эң чоң академиялык институт болуп эсептелинет.

Гарвард эң ири жогорку изилдөө университети болуп саналат. Университеттин акы төлөө баасы жогору, бирок анын чоң фонду студенттерге жакшы каржылык жардам берип турат. Университет Гарвад китепканасы менен кошо бир нече көркөм, маданий жана илимий музейлерди да иштетет. Гарвад китепканасы 18 миллиондон ашуун көлөмү менен жана 79 жеке китепканаларынан түзүлүп, дүйнөдөгү эң ири илимий жана жеке китепканалардын бири болуп эсептелинет. Гарвард бүтүрүүчүлөрдүн арасында сегиз америкалык президенттери, бир нече чет өлкөлүк жетекчилери, 62 миллиардерлери, 359 Rhodes Scholars мүчөлөрү жана 242 Marshall Scholars мүчөлөрү бар. Бүгүнкү күнгө чейин 130 Нобел сыйлыгынын лауреаттары, 18 Fields медалисттери, 13 Turing Award сыйлыгынын лауреаттары да бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]