Габриел Гарсиа Маркес

Википедия дан
Гарсия Маркес Габриель‎»‎ барагынан багытталды)
Габриел Гарсиа Маркес
Gabriel José de la Concordia García Márquez
Туулган датасы:

6 -март 1927(1927-03-06)

Туулган жери:

Аракатака, Колумбия

Өлгөн датасы:

17 -апрель 2014(2014-04-17) (87 жаш)

Өлгөн жери:

Мексика шаар, Мексика

Сыйлыктары:

Адабият боюнча Нойштадт эл аралык сыйлыгы (1972)
Адабият боюнча Нобель сыйлыгы (1982)

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Габриел Гарсиа Маркес - (/ ɡɑːrsiːə mɑːrkɛs /; испанча: Gabriel José de la Concordia García Márquez, англо-испанча: [ɡaβɾjel ɣarsi.a markes]; 1927-жылы 6-март - 2014-жылы 17-апрель) колумбиялык жазуучу, публицист.

Боготада жана Европада «Эль Эспектадор» деген либералдык гезитте репортёр, 1959-60-ж. кубалык «Пренс Латин» агентчилигинде кабарчы болуп иштеген. Ал «Жерге түшкөн жалбырактар» (1955), «Полковникке эч ким кат жазбайт» (1958) деген повесттердин, «Жагымсыз заман» (1962), «Жалгыздыктын жүз жылы» (1967), «Патриархтын күзү» (1975), «Жарыяланган өлүмдүн хроникасы» (1981), «Холера мезгилиндеги махабат» (1985) аттуу романдардын, «Улуу Эненин көргө коюлушу» аңгемелер жыйнагынын автору. «Жалгыздыктын жүз жылы» романы Латын Америкасынын адабияты гана эмес, 20-кылымдын дүйнөлүк адабиятынын туу чокуларынын бири. Романда бир кылым бою цивилизациядан артта калып, сырткы дүйнө менен байланышы үзүлгөн адамдардын деградацияга учурашын сүрөттөгөн. «Полковникке эч ким кат жазбайт» повестинде социалдык теңсиздикти ашкерелеген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1982). Д. Буржубаева.

2014-жылы Апрель айында жазуучу дүйнө салгандан кийин Колумбиянын президенти Жуан Мануэль Сантос Габриел Гарсиа Маркести "Качандыр бир убакта жашап өткөн эң улуу Колумбиянын жараны" деп сүрөттөгөн.

Кыргызча котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Холера мезгилиндеги махабат, Артыш: Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 2013, ISBN 9787537413695 (котормочулар: Эркин Мамбеторозо, Аскар Курман, Ысрайыл Мамажан жана Казыбек Казыбек)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]