Мажит Гафури

Википедия дан
Гафури Мажит (Габдулмажит) Нурганиевич‎»‎ барагынан багытталды)

Мажит Гафури (башкыртча: Мәжит Ғафури, Ғафуров Ғәбделмәжит Нурғәни улы) [20.7(1.8).1880, азыркы Башкыртстан, Гафури району, Елем-Караново 28.10.1934, Уфа башкыр жана татар акыны, башкурт адабиятын негиздөөчү, Башкурт АССР эл акыны (1923). Жазуучу-агартуучу катары белгилүү. 1905-ж. Казандагы студенттердин нааразылык кыймылына катышкан.

Чыгармалары революциялык мүнөздө болгон. Реакция жылдарында «Менин жаш өмүрүм» (1906), «Улутту урматтоо» (1907) жыйнактары конфискацияланып, 1911-жылдан полициянын көзөмөлүнө алынган. «Жумушчу» поэмасы (1926), «Кызыл жылдыз» пьесасы (1926), «Турмуш тепкичтери» (1930), «Акындын алтын кенинде» (1931) автобиографиялык повести бар. Публицистик макалаларды жазган, орус акындарынын ырларын башкыр тилине которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]