Гевара де ла Серна Эрнесто (Че)

Википедия дан

Гевара де ла Серна Эрнесто (Че) - (14.6.1928, Аргентина, Росарпо 9.10.1967, Боливия, Игерас) латын америкалык революционер, Кубанын мамлекеттик, саясий ишмери. Билими боюнча врач. 1950-жылдардын аягында Ф. Кастро менен бирдикте Куба революциясына жигердүү катышкан. 1959-61-ж. Кубанын Улуттук банкынын төрагасы, 1961-жылдан улуттук өнөр жай министри. 1965-ж. ээлеген кызматтарын калтырып, Латын Америка өлкөлөрүнүн элдеринин революциялык кыймылына катышуу үчүн Кубадан Боливияга келген. 1966-67-ж. Боливияда партизандык кыймылды жетектеген. Туткунга алынып, өлтүрүлгөн. Өзүнүн партизандык согушту жүргүзүү боюнча иштеп чыккан теориясынын аркасында «үчүнчү дүйнө» өлкөлөрүнүн көптөгөн революционерлери үчүн идеалга айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]