Гейдельберг Университети

Гейдельбер Университети (расмий Гейдельберг, нем. Ruprecht-Karls-Universität Heidelberg; лат. Universitas Ruperto Carola Heidelbergensis) - мамлекеттик илимий-изилдөө университет болуп саналат. Ал Германиядагы Баден-Баденге караштуу Гейдельберг шаарында жайгашкан. 1386-жылы Папа Урбан VI тарабынан негизделген. Ал Германиянын эң байыркы университети жана дүйнөдөгү эң байыркы окуу жайларынын бири болуп саналат. Ал Ыйык Рим империясы тарабынан түзүлгөн үчүнчү университет.
Гейдельберг 1899-жылдан бери бир биргелешкен институту болуп саналат. Университет он факультеттен турат жана бакалавр, магистратура жана докторлук прогрммаларга болжол менен 100 кесипти сунуш кылат. Гейдельберг негизи үч кампусунан турат: гуманитардык камустары Гейдельбергдин Олд Таунунда жайгашкан, табият таануу жана медицина кампустары Нойенхаймер-Фельд районунда, ал эми коомдук илимдери шаардын чет чакасындагы Бергхаймда жайгашкан. Негизги окутуу тили немис болуп саналат, бирок ошол эле учурда башка сабактар англис тилинде да өтүлүп турат.
Эл аралык деңгээлде ал белгилүү жана Европа боюнча жогорку орундагы университеттердин бири болуп саналат. Гейдельберг мыкты немис окуу жайы, жана ошондой эле ал Илимий-изилдөө университеттер лигасынын уюштуруучуларынын бири жана Коимбра тобунун мүчөсү болуп саналат. Университеттин белгилүү бүтүрүүчүлөрүнүн арасында 11 өкмөт жана чет өлкөлүк башчылары бар.