Жозеф Луи Гей-Люссак

Википедия дан
Гей-Люссак Жозеф Луи‎»‎ барагынан багытталды)
Луи Жозеф Гей-Люссак.

Гей-Люссак Жозеф Луи - (6.12.1778, Сен-Леонар 9.5.1850, Париж) франциялык химик жана физик Париж ИАнын мүчөсү (1806). 1809-жылдан Париж политехникалык мектебинде химия, Сорбоннада (Париж) физика боюнча профессор, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1826). Париж ботан. багынын профессор (1832). Гей-Люссак 1802-ж. газдардын жылуулуктан кеңейүү законун ачкан (Гей-Люссак закондору). 1804-ж. илимий максатта эки жолу аба шары менен асманга учкан. Экинчи жолкусунда 7000 мге жакын бийиктикте жер магнетизминин ургаалдуулугу (интенсивдүүлүгү) анча өзгөрбөй тургандыгын жана аба курамы жер бетиндегидей эле болорун аныктаган. 1808-ж. газдардын көлөмдүк катыш законун ачат. Ошол эле жылы Л. Тенар менен бирге жегич калий жана жегич натрийди темир таарындысы менен ысытып, калий менен натрийди алуу жолун иштеп чыккан жана бор ангидридин калий менен кошуп ысытып, борду бөлүп алган. 1813-14-ж. Деви менен бир мезгилде иод хлорго абдан окшош химиялык элемент экенин аныктап, анын бирикмесин (иоддуу суутек) бөлүп алган. Синил кислотасын даярдап (1811), анын циан радикалынын суутек бирикмеси экенин далилдеген (1815). Циандуу сымапты ысытуудан цианды алган. 1819-ж. эригичтиктин диаграммасын түзгөн. Гей-Люссак титрлөө методдорун өркүндөтүү боюнча көп иштерди жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]