Гельминттерге каршы дарылоо

Википедия дан

Гельминттерге каршы дарылоо — мите курттар пайда кылган ооруларды — гельминтоздорду дарылоодо колдонулуучу заттар. Алар кишинин организминен мите курттарды айдап чыгарат же аларды организмдин ичинде эле өлтүрөт.

Гельминттерге каршы дарылардын таасири мите курттардын түрүнө жана алардын организмдин кайсы жеринде жайгашканына жараша болот. Булар дары өсүмдүктөрүнөн жана синтез жолу менен алынат. Ичегиде жайгашкан мите курттарга таасир этүүчү дарылар ичүүгө гана берилет. Кээ бир дарылар мите курттардын белгилүү гана түрүнө каршы таасир этет.
Мисалы, сантонин, пиперазинаскаридоздо, чүчөктө, ашкабактын уругу — тениидоздордо колдонулат.

Гельминттерге каршы дарылооды бергенден кийин өлгөн же чала жан курттарды ичегиден айдап чыгуу максатында ич алдырма дарыларды берүү, ошондой эле тиешелүү диетаны колдонуу зарыл. Организмдин ичегиден башка органдарында жайгашкан курттарды жоготуу үчүн дарылар венага куюлат. Бул дарылар врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8