Гендердик теңсиздиктин индекси

Википедия дан

Гендердик теңсиздиктин индекси (ГТИ) мүмкүнчүлүктөрдөгү теңсиздикти чагылдырган интегралдык көрсөткүч болуп саналат, ал репродуктивдик ден соолук, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эмгек рыногу боюнча гендердик теңсиздикти өлчөйт. Гендердик теңсиздиктин индекси 2010-жылы Женевада Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун Катчылыгы тарабынан киргизилген.

Индексти өлчөө методологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик теңсиздиктин индексин өлчөө методологиясы эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздикти эске алуу менен түзүлгөн Адамдык өнүгүү индексинин (АӨИ) методологиясына окшош. Индекс нөлдөн (аялдар менен эркектердин толук тең укуктуулугу) бирге (бардык өлчөмдөрдө толук теңсиздик) чейин болушу мүмкүн. Гендердик теңсиздиктин индекси менен адамдык өнүгүүнүн жетишкиндиктерин бөлүштүрүлүшүнүн ортосунда корреляция бар. БУУӨПтүн маалыматы боюнча, гендердик теңсиздик жогору болгон өлкөлөрдө өнүгүүнүн жетишкиндиктерин бөлүштүрүүдө дагы теңсиздик байкалат. Индексти эсептеп чыгууда төмөнкү факторлор эске алынат: репродуктивдик ден соолук, күчтөндүрүү же мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эмгек рыногуна катышуу. Өлчөмдөр өлкөнүн өнүгүүсүнө тиешелүү болбогондуктан, гендердик теңсиздик төмөн болгон, бирок өнүкпөгөн өлкөлөр деле жакшы натыйжа көрсөтө алышат.[1]

Репродуктивидик ден соолук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Репродуктивдик ден соолук эки көрсөткүч менен өлчөнөт: энелик өлүм коэффициенти жана өспүрүмдөрдүн арасында төрөт коэффициенти. Энелик өлүм коэфицентинин төмөн болушу кош бойлуу аялдардын ден соолук керектөөлөрүнө жеткиликтүүлүгү бар экенин билдирет жана аялдардын медициналык кызматтарга жетүүсүнүн жакшы көрсөткүчү болуп саналат. БУУӨП аялдардын кош бойлуу жана төрөт мезгилиндеги ден соолугу алардын коомдогу абалынын көрсөткүчү экенин билдирет.

Эрте жаштагы кош бойлуулук болсо энелердин жана ымыркайлардын ден соолугуна коркунуч келтирет, жаш аялдардын билим алуусуна тоскоолдук кылат жана келечекте алардын эң жакшы дегенде квалификациясыз жумушка орношуусуна алып келет.

Күчтөндүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күчтөндүрүү ченеми эки көрсөткүч менен өлчөнөт: ар бир жыныстагы депутаттык орундардын үлүшү жана жогорку билим деңгээли. Жогорку билим индекси аялдардын орто жана андан жогорку билимге ээ болушун өлчөйт. Жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү аялдардын коомчулукка катышуусун кеңейтүүгө керек болгон суроо берүү жөндөмдүүлүгүн жана маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу эркиндигин кеңейтет.[1] Аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү өлкөдөгү эрте жаштагы кош бойлуулуктун жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн.[2]

Экономикалык активдүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикалык активдүүлүк калктын коомдук өндүрүштө иштеген, башкача айтканда жумушчу күчүн билдирген бөлүгүндө аялдардын өкүлчүлүгүнүн деңгээли менен өлчөнөт.

Рейтингдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемчиликсиз гендердик теңчиликке ээ өлкө болбогондуктан, бардык өлкөлөр гендердик теңсиздиктин айынан адамдык өнүгүүдөн кандайдыр бир жоготууларга дуушар болушат.

Гендердик теңсиздик индекси гендердик теңсиздиктен улам жоголгон потенциалдык адамдык өнүгүү пайызын көрсөтөт. 2021-жылы дүйнөлүк орточо гендердик теңсиздик индексинин баллы 0,465 болду, бул гендердик теңсиздиктен улам потенциалдуу адамдык өнүгүүнүн 46,5% жоготуусун көрсөтөт.[3] Кыргызстан региондо эң жогорку көрсөткүчкө ээ, 2021-жылы бул көрсөткүч 0.370ке жетти.

БУУӨПтүн гендердик теңсиздик индекси маалыматтарынын негизинде 2019-жылдагы рейтингдер[3]:

ГТИ даражасы АӨИ даражасы Өлкө ГТИ көрсөткүчү
1 2 Швейцария 0.025
2 1 Норвегия 0.038
3 11 Финляндия 0.039
4 8 Нидерланд 0.043
4 10 Дания 0.043
6 7 Швеция 0.045
6 14 Бельгия 0.045
7 23 Түштүк Корея 0.047
8 26 Франция 0.049
9 4 Исландия 0.058
10 22 Словения 0.063
11 23 Тайвань 0.064
12 23 Люксембург 0.065
12 11 Сингапур 0.065
14 18 Австрия 0.069
14 29 Италия 0.069
16 25 Испания 0.070
17 19 Жапония 0.075
18 38 Португалия 0.079
19 16 Канада 0.080
20 6 Германия 0.084
21 33 Кипр 0.086
21 29 Эстония 0.086
23 2 Ирландия 0.093
24 14 Жаңы Зеландия 0.094
25 8 Австралия 0.097
26 19 Улуу Британия 0.109
26 48 Монтенегро 0.109
28 35 Польша 0.115
29 32 Греция 0.116
29 43 Хорватия 0.116
31 31 Бириккен Араб Эмирликтери 0.118
31 53 Беларусь 0.118
33 14 Израиль 0.123
34 34 Литва 0.124
35 64 Сербия 0.132
36 27 Чек Республикасы 0.136
37 82 Түндүк Македония 0.143
38 73 Босния жана Герцеговина 0.149
39 85 Кытай 0.168
40 28 Мальта 0.175
41 37 Латвия 0.176
42 69 Албания 0.181
43 45 Катар 0.185
44 51 Казакстан 0.190
45 39 Словакия 0.191
46 17 АКШ 0.204
46 90 Молдова 0.204
48 56 Болгария 0.206
49 42 Бахрейн 0.212
50 52 Орусия 0.225
51 40 Мажарстан 0.233
52 74 Украина 0.234
53 64 Кувейт 0.242
54 81 Армения 0.245
55 43 Чили 0.247
56 105 Ливия 0.252
56 40 Сауд Арабиясы 0.252
56 58 Барбадос 0.252
59 62 Малайзия 0.253
60 47 Бруней 0.255
61 49 Румыния 0.276
62 55 Уругвай 0.288
62 106 Өзбекистан 0.288
62 62 Коста-Рика 0.288
65 95 Тунис 0.296
65 117 Вьетнам 0.296
67 70 Куба 0.304
68 60 Оман 0.306
68 54 Түркия 0.306
70 125 Тажикстан 0.314
71 99 Монголия 0.322
71 74 Мексика 0.322
73 88 Азербайджан 0.323
73 67 Тринидад и Тобаго 0.323
75 46 Аргентина 0.328
76 61 Грузия 0.331
77 58 Багама 0.341
78 66 Маврикий 0.347
79 104 Тонга 0.354
80 79 Тайланд 0.359
81 111 Самоа 0.360
82 95 Мальдив 0.369
82 120 Кыргызстан 0.369
84 93 Фиджи 0.370
85 124 Сальвадор 0.383
86 86 Эквадор 0.384
87 79 Перу 0.395
88 101 Ямайка 0.396
89 126 Кабо-Верде 0.397
90 86 Сент-Люсия 0.401
90 72 Шри Ланка 0.401
92 160 Руанда 0.402
93 114 Түштүк Африка Республикасы 0.406
94 57 Панама 0.407
95 84 Бразилия 0.408
96 92 Лебанон 0.411
97 110 Белиз 0.415
98 107 Боливия 0.417
99 129 Бутан 0.421
100 132 Гондурас 0.423
101 83 Колумбия 0.428
101 128 Никарагуа 0.428
103 91 Алжир 0.429
104 107 Филиппин 0.430
105 97 Суринам 0.436
106 130 Намибия 0.440
107 103 Парагвай 0.446
108 116 Мысыр 0.449
109 102 Иордания 0.450
110 142 Непал 0.452
111 121 Марокко 0.454
112 88 Доминикана Республикасы 0.455
113 137 Лаос 0.459
113 70 Иран 0.459
115 122 Гайана 0.462
116 100 Боствана 0.465
117 144 Камбоджия 0.474
118 147 Мьянма 0.478
119 113 Венесуэла 0.479
119 127 Гватемала 0.479
121 107 Индонезия 0.480
122 151 Сирия 0.482
123 131 Индия 0.488
124 185 Бурунди 0.504
125 173 Эфиопия 0.517
126 143 Кения 0.518
127 181 Мозамбик 0.523
128 119 Габон 0.525
129 150 Зимбабве 0.527
130 168 Сенегал 0.533
131 159 Уганда 0.535
132 148 Ангола 0.536
133 135 Сан-Томе жана Принсипи 0.537
133 133 Бангладеш 0.537
135 138 Гана 0.538
135 154 Пакистан 0.538
137 146 Замбия 0.539
138 170 Судан 0.545
139 165 Лесото 0.553
140 163 Танзания 0.556
141 153 Камерун 0.560
142 174 Малави 0.565
143 138 Эсватини 0.567
144 149 Конго Республикасы 0.570
145 167 Того 0.573
146 123 Ирак 0.577
147 182 Буркина Фасо 0.594
148 158 Бенин 0.612
148 172 Гамбия 0.612
150 175 Конго Демократиялык Республикасы 0.617
151 157 Мавритания 0.634
152 170 Гаити 0.636
153 162 Кот-д'Ивуар 0.638
154 189 Нигерия 0.642
155 182 Сьерра-Леоне 0.644
156 175 Либерия 0.650
157 169 Ооганстан 0.655
158 184 Мали 0.671
159 188 Борбордук Африка Республикасы 0.680
160 187 Чад 0.710
161 155 Папуа Жаңы Гвинея 0.725
162 179 Йемен 0.795

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Human Development Report 2010; The Real Wealth of Nations, (англ.) 2010. Текшерилген күн: 25.03.2023
  2. M. Anne Hill and Elizabeth M. King, Women's Education and Economic Well-Being, Feminist Economics, (англ.) 1995. Текшерилген күн: 25.03.2023.
  3. 3.0 3.1 БУУӨП. GENDER INEQUALITY INDEX (GII) (англ.). Текшерилген күнү: 25.03.2023.