Генералиссимус

Википедия дан

Генералиссимус - (лат. generalissimus эң башкы) бир катар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү аскердик жогорку наам. Алгач 1569-ж. Францияда киргизилген. Ал согуш мезгилинде бир нече, көбүнчө союздаш армияларга командалык кылган колбашчыларга, кээде падыша үйбүлөсүнүн бирине жана мамл. ишмерлерге берилүүчү ардактуу наам. Россияда Генералиссимус болгон аскер башчылар: А. С. Шеин (1696-ж. Пётр I берген), А. Д. Меньшиков (1727), Антон Ульрих Брауншвейгский (1740), А. В. Суворов (1799). Советтер Союзунун Генералиссимусу деген наам берүү жөнүндө СССР Жогорку Совети 1945-ж. 26-июнунда Указ чыгарып, 1945-ж. 27-июнда И. В. Сталинге Генералиссимус наамы берилген. Дүйнөдө бардыгы болуп Генералиссимус наамы же мааниси боюнча ага жакын (мисалы түрктөрдө сердарэкрем) наам 70тен ашык адамга ыйгарылган. 20-кылымда Генералиссимус наамы Ф. Франко (Испания), Чан Кайши (Кытай) 1992-ж. Ким Ир Сен (КЭДР) жана башкаларга берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]