Генератор-кыймылдаткыч системасы

Википедия дан

Генератор-кыймылдаткыч системасы - электр кыймылдаткыч система.

Мында жумуш аткаруучу туруктуу токтун электр кыймылдаткычы генератордон азыктандырылат. О. эле кыймылдаткыч да, генера­тор да дүүлүктүргүчкө коз каранды эмес. Генератор асинхрондук же синхрондук электр кыймылдаткычы аркылуу иштетилет.

Генератор-кыймылдаткыч системасы негизинен ылдамдыкты ар кандай чондукка өзгөртүү же аны өзгөчө жөнгө салуу, моментин өзгөртүү ж. б. талап кылынган электр кыймылдаткыч системаларда колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.