Генри

Википедия дан

Генри — индукциялуулуктун жана өзара индукциялуулуктун Эл-аралык бирдиктер системасындагы (СИ) чен бирдиги. Америка физиги Ж. Генринин ысмынан аталган. Генри (Гн) менен белгиленет. Электр чынжырында туруктуу ток күчү 1А кезинде 1 вебер магнит агымын пайда кылган электр контурунун индукциялуулугу 1 Гнге барабар. Гн=1ВЧсек/А=1Вб/А бирдиги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]