Геологиялык контакт

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Геологиялык контакт — жер кыртышындагы составы, майда болушу жанa жашы боюнча ар түрдүү тоо тектердин бири бири менен чектешип (тийишип) турган жери (бети).

Чөкмө же эффузив тоо тектери мурда найда болгон тоо тектердин үстүн жаап жатса, нормалдуу же стратиграфиялык (схема), интрузия тоо тектери мурда пайда болгон тоо тектерди жирен чыгып, аларды өзгөрүүлөргө учуратса, магмалык же интрузивдик, түрдүү тоо тектер бири бири менен тектоникалык жаракалар боюнча чектешсе, тектони­калык контакт деп аталат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.