Геологиялык партия

Википедия дан

Геологиялык партия - геологиялык мекеменин уюштуруу жана техникалык жактан өз алдынча туруп, белгилүү объекттерде геологиялык жумуштарды жүргүзүүчү негизги өндүрүштүк бөлүмү.

Геол. экспедициянын же түз эле геологиялык башкармасынын карамагында болот. Жумуштун көлөмү менен комплексине жараша оз алдынча баланстуу же от­чёт берүүчү Геологиялык партиялар деп бөлүнөт, ал эми коюлган максатка жана жумуштун мүнөзүнө жараша геологиялык партия жана геологиялык чалгындоо партиясы деп жиктелет. Геологиялык издөө-чалгындоо партияларынып тобуна геофизикалык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык сыяктуу атайы партиялар кирет. Геологиялык партиянын составында отряддар, участкалар, ошондой эле көмөкчү чарбалар болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.