Геологиялык убакыт
Көрүнүш
Геологиялык убакыт — геологиялык ярустун белгилүү бир бөлүгүнүн же жергиликтүү стратиграфиялык шкаланын свита, пачка, горизонт сыяктуу бөлүктөрүнүн тоо тек катмарлары пайда болушуна келген мезгил; геологиялык кылымдын бир бөлүгү.
Геологиялык убакыт кээде геологиялык кылым, доор, мезгил жана замандын синоними катары да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.