Геометриялык түзүү
Геометриялык түзүү – геометриялык айрым маселелерди түрдүү аспаптардын (сызгыч, цуркуль ж. б.) жардамы менен чыгаруу. Геометриялык түзүү белгилүү шарттарды канааттандыруучу фигураларды (түз сызык, көп бурчтук, айлана ж. б.) түзүү маселелерин карайт. Эгерде изделип жаткан чекиттин координаталарын чектүү сандагы кошуу, көбөйтүү, бөлүү жана тамырдан чыгаруу амалдарын камтыган туюнтмалар аркылуу жазууга мүмкүн болсо, Геометриялык түзүүгө берилген маселе циркуль жана сызгычтын жардамы менен чыгарылат. Циркуль жана сызгычтын жардамы менен чыгарылуучу түзүүгө берилген маселе бир гана циркуль, сызгыч менен чыгарылышы мүмкүндүк Геометриялык түзүү айрыкча чийме геометриясында кеңири колдонулат. Мисалы, сызгыч менен тик бурчтуу үч бурчтук түзүү.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4