Геоморфология

Wikipedia дан

Геоморфология (гео... жана морфология) – жер бетинин тарыхый жол менен калыптанган рельефин, ошондой эле Ай бетинин жана Күн системасына кирген айрым планеталардын бетинин рельефин изилдеген илим. Ал география жана геология илимдердин курамына кирет. Геоморфология кургактыктын жана деңиз түбүнүн рельефинин сырткы турпатын (морфография, морфометрия), рельефтин тигил же бул формаларынын пайда болуусун, жашын, түзүлүү, өнүгүү жана таралуу өзгөчөлүктөрүн; эндогендик жана экзогендик процесстердин (генезистик Геоморфология) таасирин; ошондой эле рельефтин түзүлүшүнө антропогендик факторлордун таасирин изилдейт. Геоморфологиянын негизги ыкмалары: талаа шартында экспедициялык изилдөө жана Геоморфологиялык съёмка (жалпы жана атайын Геоморфологиялык карталарды түзүүгө негиз болгон), Геоморфологиялык процесстерди изилдөө үчүн стационардык жана эксперименттик изилдөөлөр; рельефти аэрофотосъёмка жана космостук съёмка менен изилдөө; океан, деңиз тамандарын эхолот менен изилдөө; математикалык анализ ж. б. Геоморфология жалпы (рельеф пайда кылуучу бардык комплексти камтыган), жекече (конкреттүү маселени чечүү үчүн бир же бир нече көрсөткүч боюнча рельефти изилдөө), региондук (жердин тигил же бул регионунун рельефин изилдөөчү) болуп бөлүнөт.

Ажал өрөөнү (Мохаве чөлүндө, АКШ).

Геоморфологиянын структуралык Геоморфология, климаттык Геоморфология, деңиз Геоморфологиясы, динамикалык Геоморфология, колдонмо Геоморфология (инженердик, чалгындоо), ошондой эле палеогеоморфология тармактары бар. Геоморфология гляциология, төртүнчүлүк доор геологиясы, тектоника (неотектоника), вулканология, спелеология, карсттаануу ж. б. менен тыгыз байланышта. Геоморфологиялык маалыматтар кен издөөдө, жолдорду жана курулуштарды долбоорлоодо, эрозия, дефляция, көчкү, сел, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар менен күрөшүү ыкмаларын иликтөөдө колдонулат. Геоморфология өзүнчө илим катары 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында эки Геоморфологиялык мектеп (америкалык жана европалык (калыптанган. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк менен В. Пенк ж. б. У. Дейвистин географиялык цикл жөнүндөгү окуусу, В. Пенктин «Капталдардын морфологиялык анализи» Геоморфологияда жаңы багыт ачты. Ал эми П. П. Семёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, И. С. Щукин, Я. С. Эдельштейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор Геоморфологияга чоң салым кошту. Кыргызстанда Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү тууралуу бай материал топтолуп, анализге алынды.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]