Георге Георгиу-Деж

Википедия дан
Георгиу-Деж Георге‎»‎ барагынан багытталды)

Георгиу-Деж Георге (8. 11. 1901, Бырлад — 19. 3. 1965, Бухарест) — Ру­мыния окумушчу кыймылынын жана саясий ишмери.

18 жашынан жумушчу кыймылына катышат. 1930- ж. Румыниянын компартиясына (РКП) өтөт. 1932- жылдан т. ж. жумушчулар профсоюзунун Бүткүл румыниялык БКнын секретары Темир жолчулардын жанa нефтичилердин иш таштоосун (1933) уюштурууга катышканы учүн 1933-ж. 12 жыл каторгага айдалат.

1935-ж. РКП БКнын мүчөлүгүнө сырттан шайланат. Фаш. диктатурага карты куралдуу көтөрүлүштүн даярдалышына байланыштуу 1944- ж. РКПнин жардамы мене Георгиу-Деж Георге түрмөдөн качып чыгат. Румыния фаш. режимден бошонгондо (1944-ж. авг.)Георгиу-Деж Румыниядагы социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу күрөшүнө жетекчилик кылат.

1945-жылдын октябрынан РКП БКнын Ген. секретары (1955—65-ж. биринчи сек­ретарь). 1944—48-ж. бир катар министерстволорду башкарат. 1948—52-ж. Румы­ния Мин. Советинин пред-лине бирин­чи орун басар, 1952—55-ж. Мин. Сове­тинин председатели. 1961-жылдын мартынан РСРдин Мамл. советинин председатели.

Георгиу-Деж Румын Соц. Республикасынын эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951, 1961).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.