Геофизикалык чалгындоо методдору

Википедия дан

Геофизикалык чалгындоо методдору— кен издөө жана чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физ. методдор менен изилдөө ыкмалары.

Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуу­лук, ядролук нурлануусун жана сергилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалы­маттар кендин жайгашкан орду, геол. структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн пайдаланылат. Бул ме­тоддор бир нече түргө бөлүнот.

Маг­ниттик чалгындоо Жердин та­бигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүн. Маг­ниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоң болот. Сейсм чалгындоодо жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геом. оптиканын закону боюнча кайра жердин үстүн көздөп чагылат. Сер­пилгич толкундардын жерге таралышы жана кайра чагылышы атайын аспаптардын (сейсм кабыл алгычтын) жардамы м-н аныкталат (Сейсмо­граф).

Электрлик чалгындоо Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол менен пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Толкун (радио толкун) методдору өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Толкун методдору тоо тектердин, кен баплыктардын электр магнит толкундарын өткөргүчтүулүгүнө жана ал тол­кундардын кайра чагылышына негиз­делген. Радиометрдик метод-радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.