Геоэкосистема

Википедия дан
Геоэкосистема –‎»‎ барагынан багытталды)

Геоэкосистема – өзүнө катуу, суюк, газ фазаларын жана тирүү затты камтыган табигый геологиялык объектилердин жана аларды курчаган чөйрөнүн жыйындысы. Жердин өнүгүү тарыхында Геоэкосистема көптөгөн космостук, эндогендик, экзогендик факторлорго, ошондой эле түрдүү талаалар (магнит, электр, жылуулук ж. б.) байланыштуу болот. Булардын бирдиктүү таасиринен Жер шарында негизинен эволюциялык өзгөрүүгө дуушарланган салыштырмалуу стационардык абал түзүлүп, алаамат энергия булактары жана заттар пайда болууда. Алардын ичинен негизгилери жаратылыш суусу жана анда эриген химиялык элементтер болуп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]