Александр Герасимов

Википедия дан
Герасимов Александр Михайлович‎»‎ барагынан багытталды)

Герасимов Александр Михайлович [19 (31). 7. 1881, Россия империясы, Тамбов губерниясы, Козлов (азыркы Мичуринск) шаары – 23. 7. 1963, СССР, Москва] живописчи, архитектор, искусствонун теоретиги, СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1945). СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947), искусство таануу илимдеринин доктору (1951). Москвадагы живопись жана архтектура окуу жайында окуган (1903-15). 1947-57-жылдары СССР Сүрөт академиясынын президенти. Негизинен пейзаждык сүрөттөрдү, кийин көбүнчө портрет тарткан. 1929-30-жылдары «Трибунадагы Ленин» (Москвадагы тарых музейи) деген чыгармасын жараткан. Негизги чыгармалары: «Үч ат чегилген араба. Кышкы жол» (Третьяков галереясы, 1912), «Жаандан кийин» (Третьяков галереясы, 1935) О. В. Лепешинская (1939) менен И. И. Фисановичтин портреттери (Третьяков галереясы 1942), «Мончо» (1940), «Октябрга арналган гимн» (1942) ж. б. «И. В. Сталин менен К. Е. Ворошилов Кремлде» (1938, Третьяков галереясы), «Советтик аксакал сүтөтчүлөрдүн портрети»(1944), «А. А. Ждановдун табытынын жанындагы И. В. Сталин» (1949) ж. б. эмгектери үчүн бир нече жолу Сталиндик сыйлыкка татыган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]