Герасимов Иннокентий Петрович

Википедия дан

Герасимов Иннокентий Петрович [9 (22). 12. 1905, Российская империя, Кострома шаары – 30. 03. 1985, СССР, Москва шаары] – географ, геоморфолог, топурак таануучу, СССР ИАнын академиги (1953; корреспондент-мүчөсү 1946). Ленинград университетин бүтүргөн (1926). 193656-ж. В. В. Докучаев атындагы Топурак таануу институтунун география жана топурак картографиясы бөлүмүн башкарган. МГУда профессор. (1936 – 50). 1951-жылдан СССР Илимдер Академиясынын География институтунун директору. Казакстан, Орто Азия, Батыш Сибирь, Урал, Ыраакы Чыгыш экспедицияларына катышкан. Батыш Европа, Индия, Кытай, Япония, Сенегал, Тунис, Бразилия, АКШ, Жаңы Зеландия, Чили, Уругвай, Мексика, Австралия, Шри-Ланка, Марокко, Гвинеяга саякат жасаган. Негизги эмгектери топурактын генезисине жана географиясына, физикалык географияга, ошондой эле палеогеография менен геоморфологияга арналган. СССРде биринчи чыккан «СССРдин аймагындагы муз доору» жыйнагынын автору (1939; К. К. Марков менен бирге). Жердин рельефинин өзгөрүү жана классификациялоо проблемаларын, жаратылышты коргоо жана кайра өзгөртүү, табигый байлыктарды комплекстүү пайдалануу маселелерин иштеп чыккан. Географияда изилдөөлөрдүн жаңы методдору пайдаланылуучу конструкциялык багытты өнүктүргөн. Ысык-Көлдүн палеогеографиясын изилдеген. «Дүйнөнүн физикалык-географиялык атласынын» (1964) редколлегиясын жетектеген. Советтик географтардын улуттук комитетинин төрагасы (1957-жылдан), Жалпы союздук топурак таануучулар коомунун президенти (1963-жылдан), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1973). Ленин, башка 3 орден жана бир нече медаль менен сыйланган. Эмгектери: Ледниковый период на территории СССР. М.; Л., 1939 (совм. с К. К. Марковым); Основы почвоведения и географии почв. М., 1960 (совм. М. А. Глазовской); Генетические, географические и исторические проблемы современного почвоведения. М., 1976; Структура и динамика природы Земли. Избр. труды. М., 1993.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]