Германия

Wikipedia дан

Германия - (немецче Deutschland), Германия Федеративдик Республикасы (ГФР)— Борбордук Европадагы өлкөлөрдүн бири (немецче Bundesrepublik Deutschland). Түндүгүнөн Дания, түндүк-батышынан Нидерланд, атышынан Бельгия, Люксембург, Франция, түштүгүнөн Швейцария, түштүк-чыгышынан Австрия, чыгышынан Чехия, Польша менен чектешип, түндүгүнөн Түндүк жана Балтика деңиздери курчап турат. Аянты 357 021 миң км2. Калкы 80 219 695 млн. (2011). Мамлекеттик тили немец тили. Борбору - Берлин шаары Административдик-аймактык жактан 16 жерди (административдикаймактык бирдик) камтыган федерация (табл.).

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2006):

Федералдык

жерлер

Аянты,

км2

Калкы,

млн

Административдик

борбору

Бавария

70550

12,4

Мюнхен

Баден-Вюртемберг

35752

10,7

Шгуггарг

Берлин

892

3,4

Берлин

Бранденбург

29476

2,6

Потсдам

Бремен

404

0,7

Бремен

Гамбург

755

1,7

Гамбург

Гессен

21114

6,1

Висбаден

Мекленбург-Алдыңкы

23173

1,7

Шверин

Померания

Рейнланд-Пфальц

19847

4,1

Майнц

Саар

2568

1,1

Саарбрюккен-

Саксония

18413

4,3

Дрезден

Саксония-Анхальг

20447

2,5

Магдебург

Төмөнкү Саксония

47616

8,0

Ганновер

Түндүк Рейн-Вестфалия

34082

18,0

Дюссельдорф

Тюрингия

16172

2,4

Эрфурт

Шлезвиг-Г ольштейн

15761

2,8

Киль

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Германия федерациялык мамлекет. Негизги мыйзамы (конституциясы) 1949-ж. 23-майда кабыл алынган. Ар бир аймак (жер) өз конституциясына, парламентине жана өкмөтүнө ээ. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга атайын чакырылган Бундестаг жана Ландтагдардын (жергиликтүү. парламент мүчөлөрүнүн) бирдей санынан куралган Федералдык чогулуш тарабынан шайланат. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2006): Аткаруу бийлигин федералдык канцлер жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Бундестаг жана Бундесрат). Негизги саясий партиялары: Христиан-демократиялык союзу (ХДС), Христиан-социалдык союзу (ХСС), Эркин демократиялык партиясы, Германиянын социал-демократиялык партиясы (ГСДП), Жашылдар партиясы, Демократиялык-социал партиясы ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Германиянын аймагы кеңдик багытта созулуп жаткан 3 ири орографиялык объектиден турат, алар түндүк бөлүгүндөгү Түндүк Германия ойдуңу, борбордук бөлүгүндөгү Ортоңку Германия тоолору, түштүгүндөгү Альп тоолору жана Бавария бөксө тоосу. Германиянын аймагына Альп тоолорунун түндүк тармактары кирип турат. Анын батыш бөлүгүндө кумдук тоо тектеринен түзүлгөн жапыз кырка тоолор басымдуулук кылат. Бирок, Баварияда (Мюнхенден түштүктө) жайгашкан Акиташтуу Түндүк Альп тоолорунда Германиянын эң бийик жери — Цугшпитце чокусу (бийиктиги 2962 м) орун алган. Альп тоолорунан түндүктө тоонун талкаланды кум, чополуу тектерине толгон четки тектоникалык ийилүүдө түздүк (альп форланды) пайда болгон. Ал Альп тоолорунан түндүктү карай акырындап жантайып, Дунай өрөөнүнө кошулат. Түздүктө плейстоцендеги муз каптоодон калган кесек тоо тектер аяккы мореналар жапыз дөбө-дөңсөлүү жалдарды пайда кылган. Жалдар аралыгындагы ойдуңдарды саздар менен көлдөр ээлейт. Мореналардан түндүктө мөңгү суулары агызып келген шагыл-таштар Мюнхен түздүгүн жана дарыя тектирлерин пайда кылган. Орто бийиктиктеги Орто Германия тоолору байыркы тоо тектерден түзүлүп, Альп тоолору көтөрүлө электе эле мында Европаны батыштан чыгышты кесип өткөн зор тоо системасынын бир бөлүгү болгон. Карбон мезгилинде алардын чет-жакаларында жана тоо аралык ойдуңдарында саздуу дельталар түзүлүп, Рур, Саар, Ахен көмүр бассейндери пайда болгон. Байыркы тoo массивин түзгөн чулу тоо тектер үбөлөнүүгө дуушарланган. Кийин ал массивдердин айрымдары көтөрүлүүгө дуушарланып, Рейн Сланецтүү тоолору, Шварцвальд, Гарц сыяктуу тоолор жаралган. Германиянын аймагына татаал түзүлүштөгү Чех Токоюнун бир аз бөлүгү да кирип турат. Анын түштүк-чыгышында Бавария Токою, түндүк-чыгышында Саксония Кендүү тоолору орун алган. Бул тоолордун жону плато сымал жайык, түздүктөрдөн тепкичтенип көтөрүлүп, бийиктиги 1000 м чейин жетет. Айрым чокулары, мисалы, Шварцвальд тоосундагы Фельдберг чокусу 1493 мге жетет. Кыр бөлүгү тик беттүү, токойлуу өрөөндөр менен терең тилмеленип, алар кээде too этектериндеги түздүктөргө чейин түшөт. Алардын ичинен эң өзгөчөлөнүп турганы Рейн грабени, ал Вогез жана Шварцвальд тоолорун 43 кесип өтөт. Рейндин тектирлерин жүзүмзар ээлейт. Чопо, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн тоо аралык ойдуңдарында денудациянын таасиринен капталдары тик куэста жалдары пайда болгон. Эң ири Шваб Альб куэстасы Германиянын түштүгүндө Майн жана Неккар дарыяларынын алаптарында жайгашып, 1000 мден жогору көтөрүлөт. Түндүк Германия тоолорунун түндүк чет-жакасы боюнча кумдук, акиташ тектүү катмарлары чыгып, жал өрөөндөрдүн айкалышып жатышына шарт түзөт. Батышында бул ландшафтты Везер дарыясы кесип өтөт. Анын эң кууш жери Вестфалия Дарбазасында байыркы герман уруусунун башчысы Арминийдин статуясы орнотулган (ал б. з. 9-кылымнда римдиктердин 3 легионун талкалаган). Вестфалиянын (Рурдун көмүрлүү катмарларынын астында жаткан) жантайыңкы куэсталары менен Тюрингия бассейнинин куэста ландшафтынын окшоштугу байкалат. Айрым жерлерде альп тоо пайда болуу кыймылынын таасиринен жаралган терең ойдуңдарды деңиз жана көл алаптары ээлеп, алар чопо, кум, шагылташтарга толгон (мисалы, Жогорку Рейн, Кёльн ойдуңдары). Кёльндө күрөң көмүрдүн ири запасы бар. Ортоңку Германия тоолорундагы ургаалдуу жанар тоо процесстери жаракалардагы тектоникалык кыймылдарга байланыштуу болгон. Байыркы жанар тоолор (мисалы, Гессендеги Фогельсберг массиви, бийиктиги 774 м) эрозиядан өтө өзгөрүп кеткен, ал эми Айфел кратерлери жана күл конустары өзгөрүлбөй сакталып калган. Гермниянын аймагында алгачкы адамдар пайда болгондо бул жанар тоолор атылып турган. Байыркы жанар тоонун активдүүлүгүн мындагы көптөгөн минералдуу ысык булактар айгинелеп турат. Ортоңку Германия тоолорундагы ландшафттын өзгөчө тиби аны түзгөн тоо тектердин жана рельефтин формаларынын ар түрдүүлүгү менен байланыштуу. Ыңгайлуу өрөөндөрдө жыгач үйлөрү басымдуулук кылган кыштактар, чептер менен курчалган соода шаарлары жайгашкан. Тоо капталдарындагы бак-дарактар, жүзүмзарлар улам жогорулаган сайын тик беттерде чер токойлор менен алмашат; алардын арасында эски сепилдердин чалдыбарлары кездешет. Түндүк Германия ойдуңу өлкөнүн түндүк бөлүгүн бүт ээлейт; жазылыгы батыш бөлүгүндө 150 кмдей, батышты карай акырындап кеңейет. Бавариянын тoo этектериндеги түздүктөрүндөгүдөй эле мында да негизинен борпоң тектер шагыл-таш, кум, чопо кеңири таралып, арасында күрөң көмүрлүү катмарлары кездешет. Рельефинин формасы негизинен плейстоцендеги үч жолку муз каптоодон калыптанган эң кеңири таралган формалар: аяккы мореналардан пайда болгон жал, дөбө-дөңсөөлөр, морена түздүктөрү, көптөгөн булуңдар (фьёрддор), лагуналар (бодден), кумдуу жерлер (гесттер), ваттар, марштар. Өсүмдүк тамырлары менен бекемделген морена субстраты шамал эрозиясына дефляцияга дуушарланып, кум дөбөлөрүн дюналарды пайда кылат.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Мелүүн деңиздик климат өкүм сүрөт. Жалпысынан атмосферанын батыш циркуляциясы үстөмдүк кылат; түндүктөн муздак, түштүктөн жылуу аба согот. Кышында Түндүк Атлантиканын суусу кургактыкка караганда жылуу болгондуктан, Европага жылуу аба согуп турат. Абанын төмөнкү температурасы Сибирдин муздак аба массасынан келген антициклонго байланыштуу. Бул мезгилде Түндүк Германия ойдуңунда абанын температурасы 12°Сге чейин, кышында чыгышты карай төмөндөйт; январдын орточо 0°С изотермасы Любек Бонн сызыгы боюнча өтөт. Түштүктө температура бийиктикке байланыштуу төмөндөйт. Кар катмары түндүктө 20-25 күн, Түштүк Баварияда 40 күндөн ашык, Альп тоолорунда жана Шварцвальда 100 күндөн ашык жатат. Жайында тескерисинче, абанын температурасы түштүктү карай көтөрүлүп, эң жогорку температура Жогорку Рейн ойдуңунда катталган, анда июлдун орточо темпрасы 19°С. Түндүк Германия ойдуңунда жайкы температура чыгышты жана түштүк-чыгышты карай көтөрүлөт. Июлдун орточо температурасы Берлинде 18,5°С. Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Түндүк Германия ойдуңунда, Түндүк деңиз жээгинде 750 ммге жетип, чыгышты карай акырындап азаят. Түздүктөрдөн түштүктү карай рельефтин тоо-өрөөндүүлүгүнө жараша жаан-чачындын таралышы татаалдашат: тоолордо 1000 ммден ашык, кээде 2000 ммге чейин жаайт, ал эми айрым туюк ойдуңдарда 500 ммден ашпайт. Ошондой эле Ортоңку Германиянын жаан-чачындан ыктоо жаткан түндүк тилкесинде да аз түшөт. Германиянын дээрлик бардык жеринде жаан-чачындын максимуму жайга туура келет; жумшак климаттуу түндүк-батыш жээк бөлүгүндө гана жаан-чачындын басымдуу бөлүгү кышында жаайт. Топурак кыртышынын ар түрдүүлүгү негизинен түпкү тектерге жана кумдуктарга байланыштуу. Түндүк Германия ойдуңунун кумдуу субстраты, айрыкча вереск бадалдарынын жана кызылкарагайлуу токойдун астындагы өтө жуулма, кычкыл, күрсүз топурактары а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайсыз. Кычкыл саз топурактарынын ири ареалдары кездешет. Жээктердеги марш кыртышы мелиорациядан кийин күрдүү топуракка айланат. Ортоңку Германия тоо массивдеринин түпкү тектери серүүн нымдуу климаттуу шартта узак убакыт бою үбөлөнүүгө дуушарланып, токойдун жуулма кычкыл коңур топурагы пайда болгон. Алар жайыт же токой өстүрүү үчүн пайдаланылат. Эң күрдүү топурактар ойдуңдарда жана дарыя тектирлеринде, айрыкча лёсстуу жерлерде таралган кара топурак; ал Гарцтан чыгышта жана Тюрингия бассейнинде кездешип, бара-бара токойдун коңур топурагына өтөт. Мурда бул аймактар жазы жалбырактуу токой менен капталган; азыр алардын жарымына жакыны кыйылып, айдоо жерлерге айландырылган. Коңур топурактар (бурозём) тобуна кирген кыртыш Шлезвиг-Гольштейндин чыгышындагы морена түздүктөрүндө, Бавариянын тоо этектеги түздүктөрүндө таралган. Альп тоолорунун топурактары бийиктик алкатуулукка жана капталдардын тиктигине жараша өзгөрөт. Алар жука катмарлуу таштак топурактар. Германиянын калк жыш отурукташып, токою кыйылып, же бак-дарактар отургузулган жерлеринде табигый өсүмдүктөр дээрлик калган эмес. Өлкөнүн түндүгүндөгү жазы жалбырактуу эмен, кайың токойлору, жүздөгөн жылдар бою жайыт катары пайдаланылган вереск бадалдары курчаган аймактар айдоо жерлердин ареалына айландырылган. Азыр вересктер коруктарда гана калган. Күрсүз топурактуу жерлерге бак-дарак, айрыкча кызылкарагайдын тез жетилүүчү түрлөрү отургузулат. Ортоңку Германиянын жапыз тоолору кооз бук токою менен капталып, отургузулган карагай токоюнун ири массивдери менен айкалышып өсөт. Кумдак жерлерде кызыл карагайлуу массивдер бар. Ортоңку Германиянын бийик тоолорунда жана Альп тоолорунда бук токою бийиктеген сайын бук-көк карагайлуу, андан жогору карагайлуу токой менен алмашат. Эң бийик тоо массивдеринде, ошондой эле Альп тоолорунда 2200-2800 м бийиктиктен жогору чөп өсүмдүктөрү, эңилчектер жана мамык чөптөр өсөт. Гүл өсүмдүктөр өтө көп. Германиянын табиятты коргоо боюнча эзелтен эле өзгөчө салттары болгон; мамлекеттик жана жамааттык ири токой аянттарында аңчылык жана токой кыюу жөнгө салынган. Өлкөдө миңдеген коруктар, Батыш Германияда андан сырткары түрдүү ландшафттык аймактарда айрым улуттук парктар, анын ичинде Бавария Токоюна, Берхтесгаден Альп тоолорунда, Түндүк деңиздин ваттуу жээктеринде уюшулган. Кийинки мезгилде кислоталуу жамгырдан токой өтө жабыркап, Батыш Германияда атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну чектеген чаралар көрүлгөн. Мисалы, азыркы жылуулук станциялардын бардыгы чаң, күкүрт диоксидин жана азот оксиди таштандыларын чыгарбоо боюнча чараларды көрүп, автомобилдердин бардыгы алардан чыккан газдардагы зыяндуу заттарды тосуучу атайын курулмалар менен жабдылган. Мурдагы Германия Демократия Республикасысында (ГДР) жана ага чектеш Чехословакияда күрөңкөмүр көп жагылып, атмененын өнөр-жайлык булгануусун чектөө чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада токой, айрыкча ал өлкөлөрдүн чегарасындагы аймактарда өтө жапа чеккен. ГДР менен ГФР кошулгандан кийин күрөң көмүр шахталары жабылып, чыгыш германиялык маркадагы автомобилдерди чыгаруу токтотулган. Азыр Германияда атмосферага кетүүчү уулуу заттарды азайтуу жана көлмөлөрдү, агын сууларды тазалоо боюнча өтө кымбат экологиялык программаларды ишке ашыруу чаралары көрүлүүдө. Өлкөнүн аймагынын 31,7% коргоого алынган; мындай табигый аймактын саны 7,6 миңден ашык. Алар 14 биосфералык резерват (жалпы аянты 1559 миң га), эл аралык маанидеги 31 суулуу-саздак жер (829 миң га), 15 улуттук парк (130 миң га), 87 табият паркы, табиятты коргоочу миңдеген облустар (заказник режиминде), табият эстеликтери. Эоцендин флорасынын жана фаунасынын жералдынан табылган калдыктары бар жерлер, Мускер ландшафттык парк Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген.

Суулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Германиянын эң ири дарыясы – Рейн; анын куймаларынын көбү Альп тоолорунан башталып, Рейн Сланецтүү тоолорун кесип өтүп, Түндүк Германия түздүгү аркылуу Түндүк деңизине куят. Жайдын башталышында тоодогу кардын эришинен суусу кирет. Рейндин Түндүк Германия тоолорунан башталган куймаларынын режими башкача болуп, агымынын максимуму буулануу эң төмөн болгон кыш мезгилине туура келет. Бул эки режимдин айкалышынан Рейндин суусу дайыма мол жана агымы туруктуу болуп, кеме каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. Германиянын башка дарыяларынын көбү Ортоңку Германия тоолорунан башталат. Алар негизинен Рейндин куймалары, ошондой эле Везер жана Эльба дарыялары (Түндүк деңизге куят). Одер жана анын негизги куймасы Нейсе. Өлкөнүн түштүгүнөн Шварцвальддан Дунай башталып, чыгышты карай агат. Анын суу режими Альп тоолорунан башталган оң куймаларынын таасиринен түзүлөт. Жайкы ташкын жана кышкы межень навигацияга терс таасирин тийгизет.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 92 %ин немецтер түзөт. Калгандары цыгандар, даниялыктар, лужицалык сербдер, фриздер, голландиялыктар улуттук азчылык статусуна ээ. Чет өлкөдөн келген калктын саны 6, 75, млн болуп, анын 1, 749 млну түрктөр .Мындан тышкары Европадан жана АКШдан келгендер (италяндар, сербдер, герман-швейцариялыктар, поляктар, орустар, гректер, испандар, хорваттар, ж. б. улуттар түзөт). Калкынын саны 1939-ж. 69,3 млнду, согуштан кийин 43 млнду, 2006-ж. 82,5 млнду түзгөн. 2008-жылга карата 1000 адамдан 8 бала төрөлсө, 10 киши өлгөн. Калкынын жылдык көбөйүшү ошол эле 2008-ж. 0,2 % көрсөткөн. Ал эми иммигранттарда төрөлүү жалпы өлкөнүн орточо көрсөткүчүнөн кыйла жогору. Өлкөдөгү демографиялык проблемалардын бири калктын картайуусу: улгайган курактагылар (65 жаштан жогору) 18,9%ти (европалык орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору), 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 14,4%ти, эмгек курагындагылар (15тен 64 жашка чейинкилер) 66,7%ти түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 96 эркек туура келет. Өмүрдүн орточо узактыгы 78,8 жаш (эркектердики 75,8, аялдардыкы 82,0 жаш, аялдардын жашынын орточо узактыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Калкынын орточо жыштыгы боюнча (1 км2 жерге 229 адам) Еропада 4-орунда (Нидерланд, Бельгия, Улуу Британиядан кийин). Шаар калкы 87% (Европада алдыңкы орундардын бири). Ири шаарлары: Берлин Гамбург, Мюнхен. Германиянын, ошондой эле бүт Батыш Европанын калкы негизинен Рейнди бойлой жайгашкан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Археологиялык маалыматтар боюнча Германиянын аймагында адам төмөнкү палеолитте, б. з. ч. 500-300 миң жыл мурун жашаган. Гейдельберг адамы (Мауэрде), неандерталдыктын (Неандерталь) калдыктары табылган. Б. з. ч. 3-2 миң жылдыкта Германияны жердеген уруулар мал чарбачылык жана жер иштетүүчүлүк менен кесиптенишкен. Германиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн ээлеген байыркы герман уруулары б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Рим мамлекетинин кол салууларына дуушарланган. Тарыхый маалыматтарда герман уруулары тууралуу алгач Тациттин эмгегинде эскерилет (б. з. 98-ж.). Римдин Рейн дарыясынан чыгыш аймактарды каратып алууга жасаган бир нече жолку аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 4-6-кылымда көптөгөн уруулардын жер которуусу жана алардын жергиликтүү уруулар менен өз ара аралашуусунун натыйжасында германдардын жаңы уруулук бирикмелери пайда болгон. Элдердин Улуу көчүүсү доорунда Германияда (Рейн, Эльба дарыясы менен Альпынын аралыгында) алеман, бавар, тюринг, сакс, фриз ж. б. уруулар отурукташкан. 6-8-кылымда бул уруу союздарын франктар багындырып, Франк мамлекетинин курамына кошкон, ушул эле мезгилде герман урууларынын арасында христиан дини таркай баштаган. Франк мамлекети кулаганда (843-ж., Верден келишими) герман уруулары жашаган аймак өзүнчө бөлүнүп, Германия Чыгыш-Франк королдугунун (Людовик Немецкийге тийген) курамына кирген. Анын негизинде 10-кылымда өз алдынча Германия королдугу түзүлгөн. 962-ж. германдар Түндүк жана Орто Италияны каратып, Оттон I Рим папасынан император титулун алып, Ыйык Рим империясы түзүлгөн; ал 1806-жылга чейин өкүм сүргөн. 10-15-кылымдарда славяндар жана Балтика боюндагы элдер мекендеген бир топ аймактар каратылган. 11-кылымдын аяк ченинен Германияда феодалдык мамилелер өөрчүп, шаарлар дүркүрөп өсө баштайт. Кээ бир шаарлар (Кёльн, Аугсбург, Майнц ж. б.) мурдагы рим сепилдеринен өсүп чыкса, кээ бирлери соода жана колөнөрчүлүк кыштактары катары пайда болгон. 11-кылымдын орто ченинде айрым феодалдар өз алдынча болууга умтулат. Ага немец феодалдарынын Чыгышка экспансиясы белгилүү даражада жардам берген. 12-кылымда Фридрих I Барбароссанын бир нече ийгиликтүү жортуулдарынын натыйжасында Ыйык Рим империясынын аймагы кеңейген. 13-кылымдан баштап ири княздар көз карандысыз боло баштайт. Алардын өтө кубаттуулары (курфюрсттар) иш жүзүндө жалпы мамлекеттик маанилүү иштерди чечишип, королду (императорду) шайлоого укуктуу болушкан. 16-кылымдын баш ченинде Германияда католик чиркөөсүнө каршы коомдук кыймыл – Реформация башталган. Бул мезгилде Дыйкандар согушу (1524-26) чыгып, Түштүк-батыш жана Борбордук Германияга жайылган. Княздар Реформацияны өз мүдөөсүнө пайдаланып, чиркөө жерлери менен чиркөөнү бүт бойдон баш ийдиришкен. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантикага которулуусу Германиянын экономикасына терс таасирин тийгизген. 1618-48-жылдардагы Отуз жылдык согуш Германиянын абалын андан ары начарлатат. Вестфалия тынчтыгы (1648) Германиянын бытыранды болушун юридикалык жактан бекемдеген. Анын аймагы 300гө жакын княздыкка бөлүнөт. 17-18-кылымда эли немец тилинде сүйлөгөн эки ири мамлекет Австрия менен Пруссия күч ала баштайт. Революциядан чочулаган немец феодалдары менен княздары биргелешип, революциячыл Францияга каршы чыгат. 1792-ж. апрелде Австрия Франция согушунун башталышы Австрия менен Пруссия биригүүсүнө алып келет. Бирок француз армиясы алардын күчүн талкалап, 1795-ж. Пруссия Франция менен сепараттык тынчтыкка кол коёт. 1803-04-жылдары Наполеон Iнин аракети менен Германиядагы майда мамлекеттер жоюлат да, ири княздыктар (Австрия менен Пруссияга каршы пайдалануу үчүн) түзүлөт. 1806-ж. Пруссия Франция менен кайра согушуп, дагы жеңилет. Ушул жылы Наполеондун протектораттыгы менен Рейн союзу (16 немец мамлекети кирген) түзүлөт. Наполеондун бийлиги кулагандан кийин, Вена конгрессинин (1814-15) чечими менен Австрия башчылык кылган Герман союзу (ага 39 немец мамлекети кирген) түзүлүп, анда Австрия башчылык кылган. Германияда 1848-49-жылдары буржуазиялык-демократиялык революция болуп өтөт. Бул революция өлкөнү бириктирүү максатын көздөгөн. Революциянын жеңилиши Германиянын «жогортон» зордук менен биригишин шарттайт. 1862-ж. помераниялык юнкерлердин бүлөсүнөн чыккан Отто фон Бисмарк канцлердикке дайындалып, Германияны «темир жана кан менен» (башкача айтканда курал колдонуп, кан төгүү менен; немецче «Blut und Eisen)» бириктирүү жолуна түшөт. Пруссиянын Дания (1864), Австрия (1866), Франция (1870-71) менен согуштары Германияны бириктирүүгө алып келет. 1871-ж. Германия империясы түзүлүп, Пруссиянын королу Вильгельм I император деп жарыяланган. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Германия экономикалык жактан тез өнүгүп, Европада биринчи орунга чыгып, Африкадагы бир нече өлкөлөрдү колониялап алат. Герман империализми башка империалисттик державалар бөлүп алган жер шарын кайра бөлүштүрүүгө умтулуп, анын агрессиячыл саясаты 1-дүйнөлүк согушка (1914-18) алып келген. Бул согушта Германия жана анын союздаштары (Үчтүктөр союзу) жеңилүүгө учурап, Версаль тынчтык келишиминин (1919) шарттары боюнча колонияларынан жана аймагынын бир бөлүгүнөн ажыраган. 1918-ж. ноябрда Германиядагы революциянын жыйынтыгында монархия кулатылып, 1919-ж. 31-июлда Веймар республикасынын түзүлүшү жарыяланган. Версаль тынчтык келишиминин оор шарттары, 1929-33-жылдагы дүйнөлүк кризистер Германиянын экономикалык абалын начарлаткан. 1933-ж. Германияда Гитлер фашисттик диктатураны орнотуп, милитаристтик саясатты баштаган. 1936-ж. Германия Япония менен «Антикоминтерндик пактыны» түзүүгө демилгечи болгон, 1937-ж. ага Италия кошулган. 1936-39-жылдары гитлердик Германия жана фашисттик Италия республикасы Испанияга каршы интервенция жасаган. 30-жылдары Германия коңшу мамлекеттерге каршы багытталган агрессия жолуна түшкөн. 1938-ж. мартта Австрияны (аншлюс), 1938-39-жылдары Чехословакияны басып алган. Гитлердик Германия 1939-ж. 1-сентябрда Польшага кол салып, 2-дүйнөлүк согуш башталган. 1940-ж. гитлерчилер Дания, Норвегия, Люксембург, Бельгия, Голландияны басып алып, Францияны багындырган. Алар 1941-жылдын башында Грекия менен Югославияны караткан. Ал эми 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. 1945-ж. 8-майда фашисттик Германия антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттерге багынып берди. Натыйжада өлкө 4 зонага (советтик, америкалык, англиялык, франциялык) бөлүндү. Потсдам конференциясында (1945) 4 держава Германияда демилитаризациялоо, денацификация жана демократиялаштыруу жүргүзүүгө милдеттенишкен. 1946-ж. 2-декабрда АКШ менен Улуу Британия өздөрү оккупациялап турган зоналарын бириктирүү («Бизония») келишимине кол коюлуп, 1948-ж. Батыштагы державалар өз зоналарын бириктирүү жана батыш Германияда сепараттык мамлекет түзүү чечимин кабыл алышты. 1949-ж. өлкө эки бөлүккө бөлүнүп, батышта Германия Федерация Республикасы (ГФР, борбору Бонн шаары) жана чыгышта 1949-ж. 7-октябрда советтик аскерлер турган аймакта Германия Демократия Республикасы (ГДР, борбору Берлин шаары) түзүлгөн. Эки герман мамлекети бири-бирине каршы аскердик-саясий союздарга кирген жана эки башка өнүгүү жолуна түшкөн. АКШнын колдоосу менен ГФРдин экономикасы тез өнүккөн. 1949-63-жылдары ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталды. Бул мезгилде ГФР бир топ экономикалык ийгиликтерге жетишти. Германия алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыкты. В. Брандт (1969-74) жана Г. Коль (1982-99) жетектеген мезгилде ГФР Батыш Европа мамлекеттери менен саясий жана экономикалык интеграциялануу процессин жүзөгө ашырды. Ал эми социалисттик өнүгүү жолун тандаган ГДР коңшу мамлекеттен өнүгүү деңгээли боюнча бир топ артта калган. Анын жарандары ГФРге массалык түрдө өтө баштаган. 1961-ж. эки герман мамлекеттин ортосуна тосмо Берлин дубалы орнотулган. 1982-ж. канцлердик постту Г. Коль ээлеген. 1990-ж. 3-октябрда ГФР жана ГДР биригип, Берлин шаары бириккен Германиянын борбору деп жарыяланган. 1998-ж. парламенттик шайлоодо ГСДП жеңип чыгып, лидери Г. Шрёдер канцлер болуп дайындалган. Тышкы саясатта Германия 2002-ж. АКШнын Иракка кол салуусуна каршы чыккан. 2005-ж. А. Меркель ГФРдин федералдык канцлери болуп шайланды. Кыргызстандын ГФР менен байланышы системалуу жана туруктуу өнүгүүдө. Германия Кыргызстанга негизинен техникалык жана финансылык жардам көргөзгөн мамлекеттердин бири. Ошондой эле аскердик-саясий, билим берүү-гуманитардык, социалдык-экономикалык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргызстан Германиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө катары кабыл алынышын жактап чыгууда.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Германия өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички Дүң прдукциясынын (ИДП) көлөмү боюнча (2009-ж. 2 триллион 811 миллиард доллар) менен дүйнөдө 5чи (АКШ, Кытай, Япония, Индиядан кийин), Европада 1-орунда, аны киши башына бөлүштүргөндө (40 миң доллар чамасында) дүйнөдө 18-, Европада 13-орунду ээлеген. Саны боюнча кичи жана орто бизнестеги ишканалар басымдуулук кылып, анда ИДПнин 49% өндүрүлөт. Ал эми ИДПнын 51% өлкөгө жана чет элдик капиталга таандык ири компаниялар түзөт (2003). Өнөр-жайында жана курулушта Германиянын ИДПсинин 28,6%и түзүлөт. Германия индустриясы сатуу наркы (550 млрд доллар чамасында; 2004) боюнча дүйнөдө 3-орунду (АКШ, Япониядан кийин) ээлейт. Өнөр-жай өндүрүшүнүн структурасында иштеп чыгаруу индустриясынын тармактары үстөмдүк кылат. Башкы өнөр-жай тармактары машина куруу (айрыкча жалпы жана транспорттук, электротехникалык жана электроника өнөр-жайы, так механика жана оптика) жана химия (фармацевтика, резина-техникалык кошо); эски тармактардан тамак-аш (анын ичинде суусундук, тамеки ж. б.), целлюлоза-кагаз жана жыгач иштетүү, полиграфия өнөр-жайлары өзгөчөлөнөт. Өлкөнүн отун-энергетикалык структурасында нефть жана нефть продуктусу 39%ти, көмүр (таш жана күрөң көмүр) 25%ти, табигый газ 22%ти, ядро энергиясы 12%ти, гидроэнергия ж. б. калыбына келүүчү энергия (негизинен шамал энергиясы) 2% ти түзөт. Көптөгөн батыш өлкөлөрдөй эле Германияда импорттук энергияга өтө көз каранды. Энергияга болгон муктаждыктын 57, 5 %ин импорт камсыз кылат (2005). Өзүнөн нефть аз (жылдык өлчөмү 5 млн т ) казылып алынат. Газ казып алуу боюнча Европада Россия, Улуу Британия, Норвегия, Нидерланддан кийинки 5-орунду ээлейт; экономикасынын газга болгон муктаждыгынын 1/5 бөлүгүн гана камсыз кылат. Табигый газды негизинен Россиядан, Норвегиядан, Нидерланддан, Польшадан, ошондой эле Түндүк деңиздин британиялык жана даниялык секторлорунан алат. Газ жана нефть кендери Түндүк Германия ойдуңунда, Альп өндүрүндө жайгашкан. Германия 2005-ж. 112,2 млн т нефть сырттан сатып алган, анын 29% Россияга, 18% Норвегияга, 13% Улуу Британияга, 33% (Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмуна (ОПЕК) мүчө мамлекеттерге (анын ичинде 11% Ливияга) таандык. Таш көмүр өнөр-жайы мурда өлкөнүн экономикасында өтө маанилүү болсо, 1950-жылдардын ортосунан ал кризистик абалда. Көмүр казып алуу жылдан жылга төмөндөөдө (1955-ж. 72 млн т казып алынса, 2005-ж 25 млн ога гана жеткен). Көмүрдүн 93% Европадагы эң ири Рур (Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде), 7% Саар көмүр бассейндеринен казып алынат. Рур көмүр кенинин базасында континенттик Европадагы ири металлургия, машина куруу, электр-энергетика, химия индустриясы түзүлгөн, «RAG AG» компаниясы Рур бассейнинде өндүрүлгөн көмүрдүн 95%ин көзөмөлдөйт. Мурда ташкөмүрдү экспорттоочу өлкө азыр көмүрдү сырттан (Польша, Tүштүк Aфрика Республикасы, Австралия, АКШ, Колумбиядан, ошондой эле Россия, Кытайдан) сатып алууда (2005-ж. 37 млн т). Германиядагы күрөң көмүрдүн запасы болжол менен 43 млрд т деп болжолдонот. Ал негизинен электр-энергетика жана химия өнөр-жайларында пайдаланылат. Күрөң көмүрдүн негизги кендери Төмөнкү Рейн, Ортоңку Германия, Төмөнкү Лауз бассейндеринде. Кен ачык жол менен казылып алынат. Өлкөдө нефтини кайра иштеп чыгаруучу ондон ашык заводу бар; алардын кубаттуулугу боюнча (2005-ж. 125 млн т чийки нефтини иштеп чыгарган) Германия Европада 3(Россия, Италиядан кийин), дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Мурда «Достук» кууру аркылуу ГДРди СССР нефть менен камсыз кылып турган. Нефтини кайра иштетүүнүн негизги борборлору: Гамбург, Ингольштадт, Карлсруэ, Гельзенкирхен жана Кёльндин чет-жакалары. 2013-жылга карата электр-энергиясынын пайдалануу 325,0 млн нефти эквивалентине барабар болуп, анын 34,5 %тин нефти, 25,0 %ин таш көмүр, 23,2 %ин жаартылыш газы, 6,8 %ин ядролук энергия, 1,4 %ин суу, калган 9,1 %ин ж. б. энергиялар түзгөн. АЭСтен электр энергия өндүрүү боюнча Германия дүйнөдө 4-орунду (АКШ, Франция, Япониядан кийин) ээлейт. Батыш жерлеринде 14 АЭС (кубаттуулугу 21 миң МВтдан ашкан 19 генератор) иштейт. Ядро отунун алуу үчүн Германия сырттан уран рудаларын (негизинен Канада, Австралия, Нигерден), уран концентратынын чала продуктусун (урандын гексафторидин Канададан, Франциядан, Улуу Британиядан) алат. Германиянын гидроэнергия ресурстары чамалуу гана, ыңгайлуулары пайдаланылууда. Эң ири ГЭС «Witzan», анын кубаттуулугу 200 МВт. ГЭСтери негизинен Альп тоолорундагы жана анын өндүрүндөгү дарыяларга курулган. Германия энергиянын альтернативалык булактарын пайдалануу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Түндүк деңиздин жээгинде Европадагы эң ири шамал электр курулмалар паркы бар; алардын кубаттуулугу боюнча (15 миң МВт; 2003) Германия дүйнөдө 1-орунду ээлейт.

Металлургиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кара металлургия. Германия индустриясынын эски тармактарынын бири. Ал Рур, Саар бассейндериндеги коксталуучу көмүрдүн жана Лотарингия темир кен-ташынын базасында өнүккөн. 21-кылымдын башталышынан бул тармак импорттук сырьёлорду пайдаланууга өттү. Германия темирди негизинен Бразилия, Австралия, Либерия, Венесуэла, Канада, Кытайдан, өлкөнүн түндүгүндөгү заводдору Швециядан алат. Ошондой эле металл сыныктары да кеңири пайдаланылат. Чоюн (2004-ж. 29,4 млн т өндүрүлгөн; дээрлик өлкөнүн ички муктаждыгы үчүн пайдаланылат) жана болот (46,4 млн т) өндүрүү боюнча Германия Европада 2-, дүйнөдө 6-орунду (Кытай, Япония, АКШ, Россия, Түштүк Кореядан кийин) ээлейт. Өнөр-жай ишканаларынын көбү (болот эритүүнүн 70%ке жакыны) Рур индустриялуу районунда жайгашкан. Металлургиянын ири борборлору: Дуйсбург (толук циклде иштеген 3 комбинаты бар), Дортмунд, Бремен, Зальцгиттер, Оснабрюк, Чыгыш Германияда Айзенхюттенштадт. Германия болот экспорттоочу башкы мамлекет – ал дээрлик прокат жана труба түрүндө сыртка сатылат; ошол эле убакта кара металлургиянын продукциясынын көп түрү сырттан сатылып алынат. Түстүү металлургиясынан (негизинен сырттан алынган сырьё менен иштеген) алюминий өнөр-жайы өзгөчөлөнүп турат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2003-ж. 0,5 млн т чамасында) боюнча Батыш Европада Норвегиядан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунду ээлейт. Ири ишканалары Рейн-Вестфалия районунда (өндүрүшүнүн 1/2 нен ашыгы); негизги борборлору: Эссен, Нойс, Ферде. Ошондой эле жез, коргошун (Батыш Европада 1-орунда), цинк өндүрүлөт.

Машина куруу[оңдоо | булагын оңдоо]

Машина куруу – индустриянын негизги тармагы; ал металл иштетүү менен кошо өнөр-жай продукциясынын дээрлик 1/2 бөлүгүн берет. Сатуу көлөмү боюнча дүйнөдө АКШ, Япониядан кийинки 3-орунду ээлеп, өлкөнүн товардык экспортунун 1/2 бөлүгүнөн ашыгын камсыз кылат. Машина куруунун ири тармагы жалпы машина куруу (өнөр-жайында иштегендердин 15%; сатуу көлөмүнүн 11%ке жакыны). Бул тармакта негизинен чакан сериялуу өндүрүштү кесиптенген 4,5 миң фирма иштейт. Германия станок чыгаруу боюнча дүйнөдө 2-орунда туруп, анын 50%тен ашыгын сыртка сатат; алардын ичинен дүйнөлүк рынокто аспаптык жана текстиль станоктору, жыгач иштетүү жабдуулары, пластмасса өндүрүштөрү өтө жогору бааланат. Оор машина куруу өнөр-жайы оор машиналарды, крандарды, тоо-шахта жана энергетика жабдууларын, оор электр-техникасын, ошондой эле металлургия заводдору үчүн жабдууларды чыгарат. Ишканаларынын көбү Рур индустриялуу районунда.

Автомобиль өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Автомобиль өнөр-жайы – эл аралык германиялык машина курууга адистешкен негизги тармактардын бири. Жалпы автомобиль чыгаруу боюнча дүйнөдө (2014-ж. 5 908 миң, дүйнөлүк автомобилдин 30%) үчүнчү (АКШ, Япониядан кийин), жеңил автомобилдерди чыгаруу боюнча (5192 миң, 32%) Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. Ошондой эле 175 миң жүк ташуучу жеңил, 194 миң оор жүк ташуучу машина, 10 миң автобус чыгарат. Германиядан чыккан белгилүү жеңил автомобилдер: Volkswagen, BMW, Opel, Audi, Porshe, Mersedes - Benz. Машина куруу комбинаттарында кубаттуу локомотивдер менен кошо атайын максаттагы автомобилдер, дизель, машина куруу продукцияларын, брондолгон танк техникасын (НАТО үчүн «Леопард» танкасын) ж. б. чыгарат.

Космостук өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Авиация жана ракета-космостук өнөр-жайы граждандык жана аскердик самолётторду, вертолёт, ошондой эле ракета жана спутник, радар системаларын, авиация жана ракета кыймылдаткычтарын чыгарат. Кеме чыгаруу боюнча Түштүк Корея, Япония жана Кытайдан кыйла кийинки, ал эми Европада алдыңкы, орунду ээлейт (21-кылымдын башталышында жылына 0,8 млн рег-брутто т). Анын 60% экспортко чыгарылат. Электр-техникалык, электрондук жана прибор куруу өнөр-жайы, ошондой эле кеңсе машиналарын куруу, офис жабдууларын чыгаруучу тармактары тез темп менен өнүгүүдө. Германия электртехникалык жана электрондук жабдууларды экспортоочу негизги өлкөлөрдүн бири; анда робот-техникаларды, АЭС үчүн реакторлорду да чыгарат. Германия электрондук өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү жана өнүгүү деңгээли боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунду ээлейт, бирок АКШ менен Япониядан кыйла артта.

Химия өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Химия өнөр-жайы (фармацевтика жана радиотехникалык кошо) Германиянын чарбалык адистешүүсүнүн маанилүү тармагы болуп саналат. Өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча Германия Европада 1-, дүйнөдө 3-орунду ээлейт; химикаттарды экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Токой жана жыгач иштетүү өнөр-жайы, курулуш материалдар жана айнек-карапа өндүрүү да өнүгүүдө. Жеңил өнөр-жайынын дүйнөлүк рыноктогу эрегиштиги өтө курч (кездеме, килем, трикотаж, спорттук кийимдер, булгаары бут кийим ж. б.). Полиграфия өнөр-жайы өнүккөн. Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен Германия пивосу жана тамеки продукциясы боюнча өзгөчөлөнөт. Пиво өндүрүшүнүн көлөмү боюнча (2004-ж. 108,3 млн, 4000ден ашык сорту бар) Германия Европада 1, дүйнөдө 3-орунду (Кытай, АКШдан кийин) ээлейт; 2 миңден ашык пиво заводу иштейт. Пиво өндүрүшүнүн 1/4 Бавариядан, 1/5 Түндүк Рейн-Вестифалияда. Шарап чыгаруу боюнча дүйнөдө 6-8-орундарды ээлейт. Эт өндүрүү өнөр-жайында (колбасанын түрлөрү ж. б.) чочко этин иштетүү (Европа шериктештигинде 1-орунда) өзгөчөлөнөт. Ошондой эле жууган май, маргарин, быштак, балык продуктуларын, консерва ж. б. продукцияларды да чыгарат. Шоколад чыгаруу боюнча Германия Швейцария, Нидерланд менен кошо Европада үч алдыңкы орунду ээлейт.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айыл чарба өндүрүшүнө (токой жана балык чарбалары кошо) ИДПнин 1,1% жана иштегендердин 2,8% туура келет (2004). Агрардык сектордо иштегендердин жана дыйкан чарбаларынын саны жылдан жылга кыскарууда. Германиянын айыл- чарба өтө ургаалдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Айыл-чарба продукциясын өндүрүүчү дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн ичине кирет (дүйнөлүк көлөмдүн 2,3%); Европада Франция, Италиядан кийин 3-орунда жана азык-түлүктүн көлөмү боюнча (2,0% , Франциядан кийин) 2-орунда. Агрардык продукциянын дүйнөлүк соодасында Германия алдыңкы орундардын бирин (экспорт боюнча АКШ, Франциядан, импорт боюнча АКШдан кийин) ээлейт. Германия азык-түлүккө болгон муктаждыктын 90%ин өзү камсыз кылат, ал эми жетишпеген айыл-чарба продукциясын (негизинен тропиктик жана субтропиктик мөмө-жемиштерди, жашылчанын айрым түрлөрүн, чай, кофе, какао ж. б.) импорттон толуктайт. Айыл-чарбага жарактуу жери (17,0 млн га; 2003) жер фондусунун 54,7%ин ээлейт, анын 68,3% айдоо жер, 30,4% шалбаа, жайыт, жаңы көчөттөр, 0,7% бак-дарак жана огород, 0,6% жүзүм ээлейт. 1990-2000-жылдары жер фондусунда айыл-чарбага жарактуу жердин үлүшү кыскарып, токой-паркы ээлеген жерлер кеңейип баратканы байкалган. Германиянын батыш жерлеринде фермер чарбалары басымдуу, чыгышында бир жактуу адистешкен мамлекеттик «элдик ишканалар» жана өндүрүштүк кооперативдер бар. Германияда айыл-чарба ишканаларынын орточо өлчөмү (2003-ж. 32 га) боюнча батыш (19 га) чыгыш жерлеринин (100 га) ортосунда айырма зор. Германия айыл-чарбасына техниканы колдонуу боюнча (1000 га айдоо жерге 80 трактор туура келет) дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Айыл-чарбасын химиялаштыруу деңгээли да жогору, бирок прогрессивдүү экологиялык таза технологияны киргизүүгө байланыштуу минералдык жерсемирткичтерди пайдалануу жылдан жылга кыскарууда (1990-ж. 3,4 млн т, 2003-ж. 2,6 млн т пайдаланылган). Айыл-чарбанын башкы тармагы мал чарбасы (айыл-чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 70%). Анын негизи уй чарбасы (айыл-чарба өндүрүшүнүн 40%). Бодо малынын саны боюнча Европада Франциядан гана кийин турат. Сүт жана сүт-эт багытындагы мал чарбасынын мааниси зор. Сүт өндүрүү (27,8 млн т; орто эсеп менен бир уйдан жылына 6 т дай сүт саап алынат) боюнча Европада 1, дүйнөдө 4-орунду ээлейт; сүт продукциясынын бир бөлүгүн экспортко чыгарат. Чочконун саны (26,3 млн) боюнча Европада 1-, дүйнөдө Кытай, АКШ, Бразилиядан кийин 4-орунда. Куш жана кой (2,7 млн) чарбалары да өнүккөн. Германия эт өндүрүү боюнча Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда турат (6,6 млн т; анын ичинде чочко эти 4,2 млн т, уй жана музоо эти 1,2 млн т; куш эти 1,0 млн т ж. б.). Өсүмдүк өстүрүүчүлүк (агрардык продукциянын 33% ке жакыны) көбүнчө мал чарбасынын муктаждыгына байланыштуу; тоют жана чөп өсүмдүктөрү себилген аянт азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн кыйла кенен; алар дан жана дан-буурчак, картошка, тамыры тоют жана чөп (беде, люцерн ж. б.) өсүмдүктөрү, техникалык өсүмдүктөр (рапс, кант кызылча ж. б.); ошондой эле жашылча, мөмө-жемиш, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Дан эгининин дүң жыйымы (2003-ж. 43,4 млн т) боюнча Германия Европада Франциядан кийинки 2-, дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Дан эгининин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 65,5 ц (2003); Германия азыктык дан менен өзүн толук камсыз кылат; ал эми тоюттук дандын кыйла бөлүгүн сырттан сатып алат. Негизги дан эгини буудай (жыйымы боюнча Европада Россия менен Франциядан кийинки 3-орунда; андан сырткары арпа (11,0 млн т; Россиядан кийин 2-орунда; айрым сорттору пиво жасоого пайдаланылат), кара буудай (3,7 млн т); ошондой эле жүгөрү (3,7 млн т; жашыл тоют жана силос үчүн), сулу (1,0 млн т; дүйнөдө 7-орунда). Кулмак (хмель) жыйноо боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт.

Токой чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Токой чарбасында жыгач даярдоо эмес, токойду калыбына келтирүү, өлкөнүн токой фондусун сактоо, токойдун сапаттык курамын жакшыртуу маанилүү болуп саналат. Балык чарбасы ички муктаждыкты канааттандыра албайт. 2003-ж. 184 миң т деңиз балыгы (негизин треска, сельдь), анын ичинде 16 миң т рак сымалдар, 8 миң т молюска; тузсуз суулардан 66 миң т балык кармалган.

Тейлөө чөйрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн ири экономикалык сектору; анын ИДПдеги үлүшү (1995-ж. 66,6%; 2004-ж. 7,3%) жана анда иштегендердин саны тынымсыз өсүүдө. Тейлөөнүн жалпы көлөмү (1,3 трлн доллар; АКШ жана Япониядан кийин) жана аны экспорттоо (100 млрд доллар, АКШ жана Улуу Британиядан кийин) боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары: ишкердик жана кесиптик жактан тейлөө (2004-ж. ИДПнин 24,9%ин түзгөн), финансылык тейлөө (5,2%), транспорт жана байланыш (6,7%), дүң жана чекене соода (9,6%), мейманкана бизнеси жана туризм инфраструктурасы (2,3%), илим-билим жана саламаттыкты сактоо (11,7%) ж. б. тейлөө түрлөрү (9,9%). Германия дүйнөдөгү эң жыш ички транспорттук коммуникациясы бар өлкө. Жүк жана жүргүнчү ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. Ички жүктүн 66% автотранспорт, 17% темир жол, 13% ички суу жолу, 3,5% куур транспорту, 0,5% деңиз каботажы менен ташылат. Жүргүнчүлөрдүн 90% автотранспорт, 6% темир жол, 4% транспорттун башка түрлөрү (авиация, ички суу жолу, деңиз ж. б.) менен ташылат. Автомобиль жолунун уз. 231,6 миң км (2004). Германияда 50 млн автомобиль бар, анын 44,9 млну жеңил машина (Европада 1-орунда; 2003). Калкынын жеңил машина менен камсыз болушу (1000 адамга 544 жеңил машина туура келет) боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Темир жолунун уз. 47,2 миң км (2005), анын 19,7 миң кми электрлештирилген (2005); темир жолунун жыштыгы боюнча Европада Бельгия, Люксембургдан кийин 3-орунда. Жогорку ылдамдык үчүн автомобиль жана темир жолдору бар. Германиянын деңиз порттору аркылуу жылына 250 млн т га жакын жүк ташылат; каботаждык жүк ташуусу 5-8 млн ошондой Өлкөнүн деңиз соода флотунун негизин 396 чоң кеме түзөт; алардын ар биринин суу сыйымдуулугу 1000 рег-брутто т. Алар жүргүнчүдөн сырткары контейнер, химикат, нефть, суюлтулган газ (танкерлер менен) ж. б. ташыйт Ошондой эле Германиянын кеме ээлерине жалпы суу сыйымдуулугу 2,5 млн рег-брутто т болгон 2300 кеме таандык; алар негизинен Либерия, Панама, Кипр ж. б. өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Германия флотунун курамында 13 паром да бар; алар негизинен Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштырат. Эң ири деңиз порту: Гамбург (жүк ташуусу боюнча Европада Роттердамдан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунда турат); башка маанилүү порттору Бремен-Бремерхафен (порт түйүнү), Росток, Эмден, Любек, Киль; Германиянын нефть порту Вильгельмсхафен. Ички суу жолунун өлкөнүн экономикасында мааниси зор (анын уз. 7467 км; 2005). Дарыялар, каналдар жана көлдөр аркылуу жыл сайын 270 млн ога чейин жүк ташылат (анын 2/3 синен ашыгы мамлекеттер аралык жүктөр). Жүктүн 65%тейи Европанын дарыя транспортунун артериясы болгон Рейн аркылуу ташылат. Дарыя каналдар системасы да өнүккөн; алар: Майн Дунай (жалпы европалык мааниде; Түндүк деңизди Кара деңиз менен байланыштырат); Орто Германия каналы (Түндүк деңизге куйган ири дарыялардын, анын ичинде Рейн, Эльбанын алаптарын бириктирет); Рур каналдары (Рурдун индустриялуу борборлорун Рейн менен байланыштырат), Дортмунд Эмс, Эльба каналдары (Төмөнкү Саксониянын өнөр-жайлуу борборлорун Гамбург менен түз байланыштырат). Киль каналы (Түндүк жана Балтика деңиздерин туташтырат) аркылуу дарыя жана деңиз кемелери жүрөт. Авиатранспортунун эл аралык, айрыкча жүргүнчү ташууда мааниси өтө зор. Авиапаркында 1,4 миң самолёт бар, анын 377си жүргүнчүлөрдү ташуучу лайнер (2003). Өлкөдө 552 аэропорт жана аэродром, 33 вертолёт аэродрому бар (2005), 16 аэропорт эл аралык статуска ээ. Эл аралык эң ири аэропорттору: ФранкФурт-на-Майне (Европада жүк ташуусу боюнча 1-, жүргүнчү ташуусу боюнча Лондондон кийин 2-орунда; жылына 40 млндон ашык авиа жүргүнчү ташылат), Мюнхен, Гамбург, Кёльн-Бонн, Дюссельдорф, Берлин ж. б. Нефть куурунун жалпы узундугу 3540 км, нефть-продукт трубасы 3827 км, газ трубасы 25293 км (2004). Негизги нефть трубалары: Трансальм Лавера (Марсель) Карлсруэ Ингольштадт, Генуя Ингольштадт жана Триест Ингольштадт, Роттердам Рейн (Кёльнга чейин), Вильгельмсхафен Кёльн. «Достук» нефть кууру аркылуу Россиядан нефть, ири газ трубалары аркылуу Россиядан (Польша, Чехиянын аймактары аркылуу), Нидерланддан, Түндүк деңиз жээгинен газ алат. Түндүк Европадан газ трубасы (Выборг Грайфсвальд; Балтика деңизинин түбү менен) курула баштады (2005). Германия сырткы соодасынын көлөмү боюнча дүйнөдө 2-орунда: 21-кылымдын башында дүйнөлүк товардык экспорттогу үлүшү 10 11%ти, импорттогусу 9 -10%ти түздү. Сырткы соода сальдосу адатта оң мааниде: товардык экспорттун наркы 1016 млрд доллар, импорттуку 801 млрд доллар (2005). Экспортунун жана импортунун товардык структурасында даяр продукциялар үстөмдүк кылат. Экспортунда даяр продукциялардын үлүшү 86% , анын 60%ин товардык 5 топ берет: автомобиль куруу, химиялык индустрия, жалпы машина куруу, электр-техникалык жана электроника, так механика жана оптика өнөр-жай продукциялары; ошондой эле азык-түлүк, полуфабрикаттар, отун, сырьё. Транспорттук машина куруу продукцияларынан жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, авиация техникалары, автомобиль жана авиация кыймылдаткычтары, ошондой эле темиржолдун кыймылдуу бөлүктөрү, деңиз кемелеринин айрым түрлөрү сыртка сатылат. Германия азык-түлүк, тамеки, жеңил өнөр-жай продукцияларын (кийимди экспорттоо боюнча дүйнөдө Кытай жана Италиядан кийинки 3-орунда) экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат. Импортунун структурасында 71%ти даяр продукциялар (транспорт каражаттары, машина жана жабдуулар, химикаттар, металлдар, текстиль), 9%ти азык-түлүк, 8%ти полуфабрикаттар, 8%ти отун, 4%ти сырьё түзөт. Сырткы соодасынын 70%тен ашыгы европалык өлкөлөргө таандык. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Улуу Британия, Италия, Нидерланд, Бельгия, Австрия, Швейцария, Испания, ошондой эле Япония, Кытай, Россия. Германия дүйнөгө товарларды гана экспорттобостон, ошондой эле капиталды жана түрдүү (транспорттук, ишкердик, финансы, камсыздандыруу, соода-далдалчылык, информ., рекреациялык) тейлөөлөрдү да экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү системасы акысыз, борборлошпогон. Окуу 6 жаштан 18 жашка чейин милдеттүү. Орто мектептер негизги, реалдык, гимназия, бириккен болуп бөлүнөт. Жогорку окуу жайларына өтпөй калган орто мектепти бүткөндөр үчүн (18 жашка чейинкилер) милдеттүү кесиптик билим берүү көптөгөн кесиптик окуу жайларында ишке ашырылат. 2003-ж. 9,5 миң кесиптик окуу жайынан 2,7 млн окуучу билим алышкан. Жогорку окуу жайларына университетттер, медициналык, философиялык, спорттук коллеждер кирет. Эски жогорку окуу жайлары: Берлиндеги Гумбольдт университети, Гейдельберг университети, Кёльн университети, Лейпциг университети, Мюнхен университети, Гёттинген университети, Тюбинген университети (1477), Мюнстер университети (1780), Бонн университети (1818). техникалык университеттер: Брауншвайга (1745), Берлин (1946), Дрезден (1828) ж. б. Ири илимий мекемелери: Берлин институту,Бранденбург илимдер академиясы, «Леопольдина» академиясы, искусство академиясы (1696), Берлин социалдык илимий-изилдөө борбору ж. б. Германияда 12 миң элдик жана 1 миң илимий китепкана иштейт. Дойче Пресс Агентур ири маалымат агентчилиги (1949-ж. негизделген) бар. Биринчи гезит 1609-ж. чыккан. 2004-ж. 355 гезит (анын 135 күн сайын), 780 жакын журнал басылып чыккан. Радио уктуруусу 1923-жылдан, теле көрсөтүүсү 1935-жылдан иштейт. Байыркы герман фольклорунан бизге жеткени «Хильдебрант жөнүндө ыр» (810-ж.), «Мерзебург өрөөндөрү» (10-к.) сыяктуу адабий эстеликтер. Элдик өнөрпоздор деп аталышкан шпильмандар 12-13-кылымда байыркы германдардын баатырдык эпосторун жаратышкан жана элдик оозеки поэзиянын салттарын улантышкан. «Нибелунгдар тууралуу ыр» (1200-ж. чыккан) аттуу эпосу Европанын фольклор тарыхында көркөмдүгү, мазмундуулугу менен өзгөчөлөнгөн. Эпос байыркы «Аттила» («Едил») дастанынын негизинде жазылган. Вольфрам фон Эшенбахтын «Парцифаль» (1198-1210-ж. чен) жана Готфрид Страсбургдун «Тристан жана Изольда» (1210-ж. ченде) деген романдары жаралган. 14-кылымдан Германия жазма адабияты пайда болуп, драмалык чыгармалар жазыла баштаган. Ф. Хеммерлин (1398-1460), М. Лютер (1483-1546), Ганс Сакстын (1494-1576) чыгармалары немец адабиятындагы гуманизм доорунун эстеликтери. Кайра жаралуу доорунда (16-кылым) өнүккөн гуманисттик адабият динге каршы багыттагы чыгармаларды (У. фон Гуттен ж. б. гуманисттер бирге жазган «Түркөй адамдардын каттары», 1515-17; Эразм Роттердамский, «Акмакты мактоо», 1509) жаратты. 17-кылымдын адабияты диний кризистин башталыш учурунда өнүккөн. Акын М. Опиц (1597-1639) классицизм принцибин жактаган («Немец поэзиясы жөнүндө китеп», 1624). 17-кылымдагы немец адабиятынын туу чокусу X. Я. Гриммельсхаузендин «Симплициссимус» (1669) чыгармасы барокко адабияты кеңири тараган учурда жазылган. М. Опиц (1597-1639), Г. Векерлин (1584-1653) улуттук адабиятта классицизмди өнүктүрсө, X. Гриммельсхаузен (1621-76), И. К. Готшед (1700-66) ж. б. агартуучулук багытында болушту. Лессинг (1729-81) драмалык чыгармалары менен, «Лаокоон» (1766), «Гамбург драматургиясы» (1767-69) сыяктуу теориялык эмгектери менен адабиятта өз ордун тапты. Улуу ойчул И. В. Гётенин «Фауст» трагедиясы дүйнөлүк адабиятта татыктуу орун ээледи. И. Ф. Шиллер «Каракчылар» (1781), «Зулумдук жана махаббат» (1784) сыяктуу чыгармалары менен, Г. Гейне саясий лирикасы менен немец адабиятын бийикке көтөргөн. 19-кылымдын аянында Г. Манндын чыгармачылыгы башталган. Т. Манндын «Будденброктор» (1901) романы реалисттик салтты уланткан. Германияда фашисттик үстөмдүк өкүм сүргөн мезгилде Б. Брехттин «Кураж эне жана анын балдары» (1935)ж. б. драмалары, А. Зегерстин «Жетинчи крест» (1939), «Транзит» (1943) романдары жазылган. Ал А. Цвейгдин «Тынчтык», Э. Ремарктын «Өмүр менен өлүмдүн мөөнөтү» ж. б. чыгармалар немец адабиятынын 20-кылымдагы жетишкендиктери. Немец адабияты 1949-ж. мамлекет экиге бөлүнгөндөн кийин шарттуу түрдө ГФР адабияты болуп калган. ГДР адабияты социалисттик идеологиянын багытында өнүктү. 1950-80-жылдарда А. Зегерс («Чечим»), К. Вольф («Бөлүнгөн асман»), Э. Штритматтер («Тинко», «Оле Бинкоп») ж. б. чыгармалары немец элинин кыйын кезеңдеги тарыхын баяндаган. Б. Апиц, Р. Вернер, Э. Аренд, П. Винс, X. Лоберлер фашизмге каршы багыттагы чыгармаларды жаратышты. Г. Маурер, Ю. Брезан, Ф. Браун, X. Мюллер, X. Байерль, К. Хаммел сыяктуу сүрөтчүлөр аалам маселелерин көтөрдү. 1950-80-жылдардагы ГФР адабиятынын ири өкүлдөрү: Э. М. Ремарк, Б. Белл, В. Кеппен, С. Андрес, П. Шаллюк, X. Кипхард, Р. Хоххуте, П. Вайс ж. б. Айрым акын-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине да которулган.

Архитектура жана сүрөт[оңдоо | булагын оңдоо]

Германиянын аймагында байыртан эле герман, кельт, славян уруулары жана римдиктер колдонмо искусство чыгармачыларын (там-таш, чеп, эмерек, сайма ж. б.) өнүктүрүп келген. Орто кылымда чептери, ратуша, цех, кампа, дүкөн имараттары бар шаарлар өсүп чыгып, архитектура менен скульптуранын роман (10-13-кылым, Шпайер, Майнц, Вормс шаарындагы соборлор) жана готика (13-15-к., Кёльн, Фрейбург, Ульма шаарындагы соборлор) стилиндеги шедеврлери жаралат. 16-кылымда немец Кайра жаралуусунун реалисттик искусствосу өсүп-өнүгөт (живописчилер А. Дюрер, X. Xольбейн, М. Грюневальд, Л. Кранах; скульпторлор Ф. Штос, А. Крафт, П. Фишер). 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында санжыргалуу жана пафостуу барокко стили (архитектор Б. Нёйман, А. Шлютер, М. Пёппельман, сүрөтчүлөр ага-ини Азамовдор) күч алат да, 18-кылымдын ортосунан ал классицизм (архитектор Г. В. Кнобельсдорф, К. Г. Лангханс, скульпторлор И. Г. Шадов, К. Д. Раух) жана реализм (график Д. Н. Xодовецкий) менен алмашат. 20-кылымда немец функционализминин архитектурасы дүйнөлүк мааниге ээ болуп (П. Беренс, В. Гропиус, Э. Мендельзон, Л. Мис ван дер Роэ), пролетардык жана согушка каршы кыймыл менен байланышкан реалисттик жекече өнөрү өнүгөт (Ф. Марк, К. Хофер). 1920-ж. «Баухауз» агымы пайда болгон. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү В. Гропиус (1883-1969) жана Людвиг Мис ван дер Роэ (1886-1969). 1945-жылдан кийин талкаланган шаарларды калыбына келтирүү, миллиондогон адамдарга турак-жай керек болгон. Архитектура экинчи планга калган. Баалуу, байыркы курулуш фонддору талкаланган. Согуштан кийин Германия архитектурасы өнөр-жай курулушуна байланыштуу өсүп өнүктү. Өнөр-жай, транспорт, инженердик курулуштар, фирмалар жана мекеме имараттарын курууда немец функционализми кеңири колдонулганы менен бир жактуулук үстөмдүк кылган. Немец архитекторлорунун архитектуралык долбоорлору чет өлкөлөргө да таанымал болгон. Хельмут Ян Чикаго шаарындагы бийик имараттарды, Европадагы эң бийик офистик имарат Франкфурт-на Майнеде 256 м бийиктиктеги ярмарка мунарасын долбоорлогон. Архитектурадагы геометриялык дизайн колдонулган. Асма конструкциялуу курулуштар көп салынган. 50-жылдардын 2-жарымынан «органикалык архитектура» агымы өнүгүп, ийри сызыктуу татаал формаларга кызыгуу арткан. Немец архитекторлору дүйнөгө белгилүү боло баштады. Нью-Йорктогу бийик каркастуу айнектелген Сигрэм-Билдинг (арх. Мис ван дер Роэ) имараты мисал боло алат. Ушул сыяктуу төрт дискалуу бийик имарат Дюссельдорфтогу Тиссендин имараты (архитектор Хельмут Хентрих, 1960), Гамбург электр заводду (архитектор Арне Якобсен жана Отто Вайтлинг, 1969) жана өзгөчө динамикалык курулуштарга БМВ автомобиль фирмасынын Мюнхендеги цилиндр формасындагы башкы административдик имараты (архитектор Карл Шванцер, 1972) ж. б. бар. Маданий мекемелерден көрүнүктүү имараттар Берлиндеги (1964), Мюнстердеги шаардык театр, Штутгарттагы ырдоо залы, Мангейм Герцогенридпарктагы чогулуштар үчүн ыңгайлуу үлгүдөгү имараттар кирет. Мёнхенгладбахта (1982) жана Кёльнде (1986) жаңы музей имараттары, Штутгарттагы Жаңы мамлекеттик галеерясы (1983), Франкфурт-на Майнеде көркөм кол өнөрчүлүк музейинин (1985) жаңы имараттары долбоорлонуп, ишке киргизилген. Бүгүнкү күндөгү белгилүү немец архитекторлорунун тобуна Йозеф Пауль Кляйхус, Готфрид Бем, Гюнтер Бениш жана Освальд Матиас Унгерс ж. б. кирет.

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Немец калкынын театр өнөрү элдик салт оюн-зооктордон келип чыккан. Орто кылымда кыдырма актёрлордун (шпильмандар) өнөрү өөрчүгөн. Театр жанрынын негизги түрлөрү христиан динине байланышкан литургиялык драма, мистерия, миракль, фарс болгон. Диний окуу жайларда мектеп театрлары жаралган. 18-кылымдын 2-жарымында элдпк өнөргө байланышкан музыкалык драмалык жанр зингшпиль пайда болгон. Театр өнөрүнүн өнүгүшүнө Г. Э. Лессингдин эмгектери чоң таасир берген. Реалисттик немец театрын өөрчүгүүдө жазуучу К. Л. Иммермандын ролу зор. Мангейм улуттук театры (1777) А. В. Иффланд, А. Коцебдин консервативдик, мещандык пьесаларын койгон. Башында И. В. Гёте жана Ф. Шиллер турган Веймар театры (1791) веймардык классицизм деп аталган монументтүү театр түзүүгө аракет жасаган. 19-кылымда Берлин, Дрезден, Гамбург ж.б. шаарларда ири театр борборлору болгон.1860-90-жылдарда Мейнинген театры иштеп, оюн көрсөтүү маданиятын бир кыйла өйдөлөткөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Л. Кронек, А. Матковский, Э. Поссарт, Л. Барнай, Й. Кайнц өңдүү театр ишмерлери чыккан. Берлин, Мюнхен жана Гамбург шаарында театр өнөрүнө өтө зор баа беришкен. 17-18-кылымда жер ээлеген ар бир княздын өзүнүн жеке театры болгон. Берлинде гана 150 театр (анын ичинде «Немец театры» жана «Каммершпиле»,«Комише опер» ж. б.) бар. Драматург жана режиссёр Б. Брехт жана актёр Е. Вейгель «Берлинер ансамбль» (1949) театрын түзгөн. Немец театрында көбүнчө классикалык чыгармаларды коюшкан. Хайнер Мюллер тарыхый катастрофаларды изилдеп жазган, Бото Штраус орто сословиедеги турмушту сүрөттөсө, Клаус Полдун репертуары курч детективдүү пьесалардан турган. Франц Ксавер Крётц автор, режиссёр жана артист. Брехттен кийинки эле белгилүү немец драматургу, 40ка жакын пьесасы көптөгөн тилде которулган. Фашисттик диктатура убагында театр нацисттик идеяларды жайылтуучу жайга айланат. Прогрессчил театр ишмерлери куугунтук жеп, көбү чет элге кетет. 1944-ж. театрлардын баары жабылат. Согуштан кийин немец театры кыйынчылык менен кайра түзүлө баштаган. Ал эми 1949-жылдан тартып немец театры ГДРде жана ГФРде эки башка шартта жана айырмалуу багытта өнүккөн. Германияда «Каммершпиле», «Фольксбюне», «Берлин ансамбль», «Немец театры» (баары Берлинде), Улуттук немец театры (Веймар), «Резиденц театер» (Мюнхен), «Талия театер» (Гамбург) ж. б. театрлары иштейт.

Музыка[оңдоо | булагын оңдоо]

Немец эл ырларын ваганттар менен шпильмандар (ырчылар) өнүктүрүп келген. 13-кылымда миннезингерлер (Вальтер фон дер Фогельвейде, Вольфрам фон Эшенбах, Готфрид Страсбургский) мектеби пайда болот. 11-13-кылымда бюргер, 14-кылымдан мейстерзингер (Г. Сакс, 16-к.) музыкасы өнүгөт. 15-16-кылымда вокалдык жана вокалдык-аспаптык, кийинчерээк аспаптык, көбүнчө орган музыкасы басымдуулук кылган. Элдик обон-ырлардын (протестант хоралынын) өнүгүшүнө Дыйкандар согушу жана Реформация түрткү берген. 17-кылымда Г. Шюц, Д. Букстехуде өңдүү музыканттардын чыгармалары эл арасына кеңири тарайт. Аспаптардын коштоосу менен жеке аткарылуучу граждандык ырлар, клавирдик жана оркестрдик сюиталар өнүккөн. Туңгуч улуттук опера театрынын пайда болушу (Гамбург, 1678-1738) Р. Кайзер, Г. Ф. Телемандын ысымдары менен байланыштуу. Немец музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө И. С. Бах, Г. Ф. Гендель зор салым кошкон. 18-кылымдын 2-жарымында шаар калкынын маданий турмушуна романс кире баштайт. Германия музыкасында адабияттагы «Бороон жана чабуул» агымына окшош Мангейм мектеби түзүлүп, «эски Вена мектебине» кошулуп, Вена классикалык мектебинин жаралышын шарттаган. Немец жана дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө өтө зор эмгек сиңирген К. В. Глюк, Й. Гайдн, В. А. Моцарт жана Л. Бетховен да ушул Вена классикалык мектебинен чыккан. 19-кылымдын 1-жарымындагы демократиялык романтизм агымынын өкүлү К. М. Вебер. Революциянын алдындагы мезгилде Ф. Мендельсон-Бартольди, Р. Шуман, Р. Вагнер сыяктуу ири музыканттар чыккан. Немец музыкалык маданиятында 1848-жылдан көбүнчө Германияда жашаган венгр композитору, дирижёр жана пианист Ф. Листтин чыгармачылыгынын мааниси да зор. Й. Брамс (1862 -жылдан Венада жашаган) классикалык салттардын мурасчысы жана аны улантуучу катары белгилүү болсо, Р. Штраустун чыгармалары фантазияга байлыгы менен айырмаланган. Фашисттик диктатуранын учурунда немец музыкалык маданияты өтө төмөндөп, улуттук музыканын алдыңкы салттары бурмаланды. Прогрессчил мыкты музыканттар эмиграцияга кетти, бир тобу концлагерлерде курман болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Германияда музыканын кайтадан өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

Гамбургда 1678-ж. курулган опера театры бар. Кымбат сахналык техника менен жабдылган эң жаңы опера театры, Кёльнде жана Франкфурт на-Майнеде, Берлинде гана үч опера театры бар. Мюнхендеги Улуттук театр жана Дрездендеги Земпердин Опера театры италиялык Ренессанс доорундагы архитектуралык баалуу эстеликтерден. Берлин филармониясынын оркестри, дүйнөгө атагы чыккан Мюнхен филармониясынын оркестри, Бамберг симф. оркестри, Лейпцигдеги «Гевандхауз» оркестри, Дрезден мамлекеттик капелласы жана радионун симфониялык оркестрлери ж. б. белгилүү музыкалык коллективдер бар. Көпчүлүк концерттерде жана опера спектаклдерде башка өлкөлөрдөн келген, дүйнөгө атагы чыккан артисттер катышат. Мисалы, Берлин филармониясынын оркестрин италиялык Клаудио Аббадо жетектейт. Немец артисттери көптөгөн өлкөлөрдө иштешет. Мисалы, Курт Мазур Нью-Йорк филармониясында, Кристоф фон Донани Кливленд оркестринде башкы дирижёр. Дүйнөгө атагы чыккан немец музыканттары скрипкачы Анна-Софи Муттер, трубач Людвиг Гюттлер, ырчылар Хильдегард Беренс, Дитрих Фишер-Дискау, Петер Гофман, Рене Колло ж. б. Улуу муундагы музыканттардын ичинде О. Герстер, Р. Вагнер-Регени, М. Буттинг сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар. Өлкөдө музыка боюнча эларалык жана улуттук конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Дирижёрлор Г. Абендрот, К. Зандерлингдин, ырчылар Э. Буш, Г. Май ж. б. ысымдары дүйнөгө белгилүү. Германияда улуу классиктер Л. В. Бетховен, Г. Гендель, Р. Вагнердин чыгармалары аткарылат. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» жана Штраустун «Жарганат» опералары көп коюлат. 1961-73-ж. Жон Кранко Штутгарт балет труппасына чыгармачылык менен эмгек сиңирген жана прима-балерина Мария Хайде жетекчилик кылган (1973-95). Азыркы күндө Пина-Бауш жетектеген Вуппертальдагы бий театры эларалык колдоого ээ болгон. «Эстрада музыкасына», варьете музыкалык театрга Берлиндеги «Фридрихштадтпаласт» театры өзүнүн чыгармачылыгын арнаган. Гамбургдагы «Кэтс» мьюзикли көп жылдардан бери белгилүү. Концерттерде модерн классикасы маанилүү роль ойнойт: Пауль Хиндемит, Игорь Стравинский, Арнольд Шёнберг, Бела Барток, Борис Блахер, Вольфганг Фортнер, Вернер Эгк, Карл Орф өздөрүнүн музыкалык аспаптары менен дүйнөгө белгилүү «Музыка мектеби» балдарды музыканы сүйүүгө тарбиялашат. Немец жаз музыкасынын 50-60-жылдардагы курч шлягерлери азыркы мезгилде сахнадан кетти. Дүйнөгө белгилүү тромбонист Альберт Мангельсдорф жаз-фри сферасында, Клаус Дольдингер өзүнүн «Паспорт» тобу жаз менен рок музыкасында белгилүү. Бий жана эстрада оркестри Берта Кемпферт, Жеймс Ласт, Макс Грегер жана Паул Куна Германиядан тышкары башка өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрүнө таанымал. Белгилүү рок ырчылары: Петер Маффай жана Мариус Мюллер-Вестернхаген, Нена. Жаш таланттарды өстүрүүдө конкурстар өткөрүлөт. Германиянын батышында эле 700дөн ашык музыкалык коомдук мектеп жана 15 000 хор мектептери бар. Германияда музыкалык аспаптарды чыгаруу салт болуп калган. Миттенвальдда дүйнөгө белгилүү скрипкалар жасалат. Ар бир экинчи киши флейтада жана гитарада ойнойт. Германияда музыка тармагы гүлдөп өнүгүүдө, 200 млндон ашык ата мекендик жана чет өлкөлүк грампластинка, кассета жана компакт диск сатылат.

Кино[оңдоо | булагын оңдоо]

1895-ж. Берлиндеги «Винтергартен» варьеттесинде биоскоптун жардамы менен гротеск мүнөзүндөгү кыска метраждуу фильмдер көрсөтүлгөн. 1896-ж. Германияда «Местерфильм» киностудиясы уюштурулат. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин «Местерфильм» Германиянын кино өндүрүшүндө башкы ролду ойногон. Асыресе, ал кезде башка студиялар да аракеттенип жаткан: «Дойче биоскоп» (1897), «Мюнхенер кунстфильм» (1907), «Унион» (1910). «Местерфильм» жыл сайын 50 кино чыгарма, көбүнесе, мелодрама менен комедияларды тарткан. Германияда биринчи дүйнөлүк согушка чейин АКШ, Франция ж. б. өлкөлөрдүн фильмдери көп көрсөтүлсө, согуш башталары менен улуттук өндүрүштүн кинолору көбөйөт. Фирмалардын саны дээрлик 8 эсе өсөт. 1917-ж. «Местерфильм», «Унион» фирмалары жана алардын филиалдары Даниянын «Нордикс» фирмасы менен биригип, УФА (Универзумфильмакциенгезельшафт») акционердик коому түзүлгөн. Үндүн пайда болушу кино өндүрүшүн кайра куруу зарылчылыгын жаратты. УФА ж. б. фирмалар үн жазуу үчүн павильондорду жабдый баштайт. 1930-ж. тартылган 146 фильмдин 101 фильми үн коштогон кино чыгармалар. 1933 34-жылдары фашисттик режим менен кызматташуудан баш тарткан кино ишмерлердин чоң тобу Германиядан чыгып кеткен. Реакциячыл багыттын башкы өкүлү режиссёр-документалист Л. Рифеншталь эсептелет. Анын фильмдеринде фашисттик идея ачыктан ачык чагылдырылган. Фашисттик мезгилдеги немец киносунда В. Хохбаум, Х. Койтнер, В. Штаудтенин чыгармачылыгы бөтөнчө орунда. Анткени алардын фильмдеринде реалдуу турмуштун белгилери, лирикалуулук басымдуулук кылат. Советтик кино таануу илиминде эки мамлекеттин кино искусствосун эки башка кароо өкүм сүргөн. 1946-ж. Германиянын батыш аймагында «Камера», «Реаль-фильм», «Глория-фильм» фирмалары түзүлгөн. 1947-ж. биринчи көркөм фильм чыгат («Ал күндөрдө», режиссёр X. Койтнер), Германиянын кино өндүрүшүнүн башталышы 1945-жылдын аягында уюштурулган «Фильмактив» тайпасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. 1946-ж. ай сайын чыгарылуучу «Күбө» («Очевидец») кино журналынын биринчи саны көрсөтүлөт. 1947жылдан баштап бул кино журнал жума сайын чыга баштаган. 1946-ж. Бабельсбергде ДЕФА студиясы ачылган. Ошол эле жылы «Адам өлтүргөндөр арабызда» аттуу фильмдин (режиссёр Штаудте) премьерасы болгон. 1960-ж. ГФРдин жаш кинематографисттери «Оберхаузен манифестине» кол коёт. Кийинчерээк «жаш немец киносу» деген жалпы аталышка ээ болгон чыгармачыл инсандар кино искусствонун тематикасынын жана көркөм каражаттарынын жаңыланышына принципиалдуу салым кийирет. «Жаш немец киносунун» салттарын 20-кылымдын 70-жылдары Мюнхендеги кино жана телекөрсөтүүнүн жогорку мектебин бүтүрүүчүлөр уланткан. ГДРде ДЕФА студиясы башка өлкөлөрдүн кинематографисттери менен биргеликте көптөгөн фильм тарткан. Анын ичинде СССРдин киночеберлери менен чогуу төмөнкү фильмдерди жараткан: «Беш күн, беш түн» (1961, режиссёр Л. Арнштам), «Адамдар жана айбандар» (1962, режиссёр С. Герасимов), «Ленинди көздөй жолдо» (1970, режиссёр Г. Райш), «Гойя, же таануунун оор жолу» (1971), «Кара сухарлар» (1972, режиссёр Г. Раппапот), «Пётрдун жаштыгы» жана «Даңктуу иштердин башталышында» (1981, режиссёр С. Герасимов), «Майда арип менен эки сап» (1981, режиссёр В. Мельников), «Кичинекей Александр» (1982, режиссёр В. Фокин). Германиянын кино өндүрүшү көлөмү жагынан да, сапаты жагынан да Европадан гана эмес, бүт дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Кинематография жагындагы кадрларды Мюнхендеги теле көрсөтүү жана кино мектеби даярдайт. Ульмдеги кино билим берүү институтуту, Бабельсбергдеги К. Вольф атындагы теле көрсөтүү жана кинонун жогорку мектеби даярдайт. Берлинде Бүткүл дүйнөлүк фестивалдар (1951-90), кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары Оберхаузда, Мангеймде, Лейпцигде өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]