Германия-Италия договору

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Германия-Италия договору (1939) (өздөрү «Болот пакт» де­ген) — Германия менен Италиянын ачык антисоветтик мүнөздөгү агрессиячыл согуштук-саясий блогу.

Өз ара сая­сий жана согуш жагынан кызматташуу жөнүндө түзүлгөн. 22-майда Берлинде тышкы иштер министрлери 10 жылдык мөөнөткө кол койгон.

Германия-Италия договору Берлин-Рим огун түзүү жөнүндөгү келишимдин уландысы болгон. Пакт б-ча тараптардын бири бир же бир нече держава м-н согушуп калса, экинчиси аны бардык куралдуу күчү менен токтоосуз колдоого, өз ара макулдашпай туруп башкалар менен келишим түзбөөгө милдеттенишкен. Германия-Италия договору 2- дүйнөлүк согушту согуштук-дипломатиялык жактан даярдоодо маанилүү этап болгон. 1940-ж. июнда Италия гитлерчил Германия тарапта согушка кирген.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.