Герман тилдери

Википедия дан

Герман тилдерииндоевроп. уяга кирген тектеш тилдердин тобу. Негизинен Батыш Европа континентине таралган.

Герман тилдери өз ичинен батыш, түндүк болуп бөлүнөт: батыш тобуна азыркы англис, немец, нидерланд, фриз, идиш (азыркы еврей тили); түндүк тобуна швед, дан, норвег, исланд, фарер тилдери кирет.

Түш. Африка Республикасынын мамлекетинин болгон африкаанс (бур) тили да Герман тилдери тобуна жатат. Бул тил Голландиядан Түш. Африкага келгендердин диалектилеринин аралашуусунан пайда болгон. Герман тилдеринин эң алгачкы рун жазма эстеликтери 3-кылымга таандык. Латын алиппесине негизделген жазма адегенде 8—9-кылымдан баштан батыш, кийинчерээк түндүк Герман тилдерине таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.