Героикалык

Википедия дан

Героикалык — көпчүлүктүн, алдынкы таптардын мүдөөсүнө жооп берген, адамдардан кайрат, эрдик, туруктуулук жанa жан аябастыкты талап кылган коомдук мааниси зор иш-аракет.

Героикалык этикалык, эстетикалык, психол. жана башка мүнөзгө ээ. Героикалыктын тарыхый чөйрөсү жөнүндөгү маселени 1- жолу Италия философу Ж. Вико койгон (18-к.). Бул маселеге Гегель да көңүл бурган. 19-кылымдагы орус филос. жанa коомдук ой жүгүртүүсүндө Героикалык профессионал революционерлерди тарбиялоо менен бир катарда турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.