Герцеговина Босния көтөрүлүшү (1875—78)

Википедия дан

Герцеговина жана Босния көтөрүлүшү (1875—78)Осмон империясынын феодалдык жанa улуттук эзүүсүнө каршы Гер­цеговина менен Босниядагы улуттук боштондук көтөрүлүш. Негизги күчү дыйкандар болгон.

Көтөрүлүшчүлөр бардык жерди дыйкандарга берүүнү, мамлекеттик түзүлүштү демократиялаштырууну, Босния жанa Герцеговинаны, Сербия менен Черногорияны бириктирүүнү талап кылган. Анып чыгышына калктан алынуучу жыйымдын көбөйүшү шылтоо болгон.

Көтөрүлүш 1875-ж. 5-июлда башталып, тез эле бүткүл Герцеговинаны каптаган; сентябрда Боснияга өткөн. Аны Орусия, Сербия ж. б. өлкөлөрдөн келген ыктыярдуулар колдогон. Көтөрүлүш Бос­ния кризисинин (1875—78) башталышын тездетип, Сербия менен Черного­рия 1876-ж. 30-июнда Осмон империясына согуш жарыялаган. Герцеговина жана Босния көтөрүлүшү Осмон империясы менен элдешүүдөн кийин деле улана берген. Босния менен Герцеговина орус-түрк согушунун (1877—1878) натыйжасында автономия алган. Бирок муну менен алар биротоло кез карандысыз боло алган жок; аны Берлин конгрессинин чечими боюнча Австрия-Венгрия басып алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.