Герцеговина көтөрүлүштөрү

Википедия дан

Герцевина көтөрүлүштөрү (1852—53, 1857—58, 1861—62) — Туркиянын бийлигиндеги Герцеговина дыйкандардыгынан антифеод, жана улуттук-боштондук көтөрүлүштөрү.

Черного­рия колдогон. Көтөрүлүшчүлөрдү мылтык устасы Л. Вукалович башкарган. Алар 1857—58-жылдагы көтөрүлүштө бир катар ийгиликтерге жетишет. Граховонун жанындагы салгылашта (1858-ж. 28-апр. — 1-майда) көтөрүлүшчүлөр түрк аскерлерин талкалайт. Ошондон улам Боснияда да дыйкандаркөтөрүлүшү чыгат. 1857—58-жылдагы Герцеговина которүлүштөрү ж-а 1858-жылдагы Черногория-түрк согуштарынын натыйжасында Турция Грахово ж-а ага чек-теш герцеговиналык башка територияларды Черногорияга берүүгө аргасыз болгон.

1861-ж. январда башталган жаңы көтөрүлүш айрым ийгиликтерине карабастан Черногория Турциядан жеңилип калгандан кийин (1862)] басылган. Көтөрүлүштөрдүн натыйжасында Тара өзөнүнөн тартып Суторинага чейинки чек арадагы райондордун калкына бир кыйла жеңилдиктер берилген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.