Герцен Теодор Теодорович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Герцен Теодор Теодорович - (15.3.1935, Кыргызстан, азыркы Талас облусу, Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы – 29. 6. 2003, Германия, Хюрт шаары) – монументалист, график, Кыргыз эл сүрөтчүсү (1993). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы Строганов атындагы жогорку көркөм өнөр окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1965-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1970-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз сүрөт фондунун председатели. Т. Т. Герцен монументтик-декоративдик искусстводо, станоктук жана китеп графикасында эмгектенген. Т. Т. Герцендин монументтик эмгектерине Кемин районундагы мурунку Ильич атындагы колхоздун клубунун фойесиндеги «Эс алуу» (1967), Ош драма театрындагы мозаика жана витраждар (1974), ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фаврикасынын бет маңдайындагы мозаика (1984) кирет. Графиканын линогравюра, рисунок, пастель жана акварель техникаларында иштеп, «Мөл булак» (1966), «Соң-Көлдө» (1976), «Уктаарда» (1978), «Менин өнөрканам» (1980) сыяктуу көп серияларды жана циклдерди жараткан. Т. Т. Герцен «Манас» эпосунун 3 томун (С. Орозбаковдун варианты боюнча) жана «Нибелунгдардын шакеги» аттуу немец эпосун көркөмдөгөн. Т. Т. Герцендин эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, КМШ өлкөлөрүнүн жана Германиянын музейлеринде, өздүк коллекцияларда сакталууда. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]