Герцин Европасы

Википедия дан

Герцин Европасы – Ортоңку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла менен Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп жана Динара тоолору, түндүгүнөн Ортоңку Европа түздүгү менен чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөңсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөңсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) жана ойдуңдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деңиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоңбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17-20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000-2000 мм, түздүктөрүндө 500-800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга жана суу ресурстарына бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]